Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 09.05.2018 14:51

Токтогулда Жеңиш күнүндө боз үйлөр тигилип, ардагерлер лимузин менен келишти (фото)

Turmush -  Токтогул районунда Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата 5 боз үй тигилди. Райондук администрациядан маалымдашкандай, Жеңиш күнүнө арналган саамалыкта алгач эстеликке гүлчамбар коюлуп, курман болгондордун жаркын элесине арналып куран окулду. Андан кийин согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери борбордук аянтка лимузин менен алынып келди.

Иш-чара алкагында №718 аскер бөлүгүнүн аскерлери, РИИБдин, ӨКМдин райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жана ардагерлери, жаш инспекторлор, Ооган согушунун ардагерлери, окуучулар параддан өтүштү.

Район акими М.Сатымкулов район элин Жеңиштин 73 жылдыгы менен куттуктап, согуш ардагерлерине амандык каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×