Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Жалал-Абад

Кара-Көл шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы өзгөчө белгиленди (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 9-майда Кара-Көл шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алгач Жеңиш багында митинг-реквием болуп өтүп, согушта курман болгон аталардын жаркын элесине арналып куран окулуп, эстеликке гүл чамбарлар коюлду. Андан соң, шаардын Ленин борбордук көчөсүндө «Өлбөс полк» акциясы уюштурулуп, ага №718 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, шаардагы мамлекеттик жана жеке менчик 20 мекеме-ишкананын кызматкерлери катышты.

Жүрүштүн башталышында №718 аскер бөлүктүн командири шаар башчыга рапорт берди. Шаардын мэри И.Еркеев менен шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев салтанаттуу жүрүштү көрүүгө келген тургундарды Жеңиш күнү менен куттукташты. Жүрүштүн алкагында согуш мезгилиндеги окуяларды чагылдырган театралдаштырылган көрсөтүүлөр аткарылды.

Иш-чаранын алкагында шаар тургуну, экс-мэр Равшан Абытканова менен дарыгер Зоя Казатовага «Шаардын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Андан соң мэрия тарабынан ооруктун жана согуштун ардагерлерине, ардагерлердин жесирлерине, шаардагы ардактуу атуулдарга, аксакалдарга, жалпы 150 адамга сый тамак тартууланды.

Мындан тышкары, ооруктун 1 ардагерине жергиликтүү бюджеттен 2000 сом, республикалык бюджеттен 10 миң сом, ал эми согуштун катышуучуларынын 7 жесирине жергиликтүү бюджеттен ар бирине 1000 сомдон акчалай жардамдар берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 691
×