Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Жалал-Абад

Чаткалда 300 гектар жерди суу менен камсыз кылган канал оңдоого муктаж (фото)

Turmush -  Чаткал районунда 300 гектар аянтты суу менен камсыз кылган канал оңдоого муктаж. Бул тууралуу Чандалаш айылдык кеңешинин депутаты Нармат Молдалиев билдирди.

Анын айтымында, каналдын узундугу 10 чакырымды түзөт.

«Чандалаш айылындагы 300 гектар аянтты суу менен камсыз кылган канал 1986-жылы курулган. Канал учурда оңдоп-түзөөгө муктаж. Жыл сайын ашар жолу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бирок таш кулап, каналдын көп жери бузулуп кеткен. Учурда 300 гектар жер толук суу менен камсыз болбой жатат», - деди ал.

Чандалаш айылында 60 түтүндөн ашуун эл жашайт. Айылда 300 гектардан ашык жер иштетилет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 327
×