Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Жалал-Абад

Жалал-Абадда жакыр жашаган 20 үй-бүлөгө бирден батир тапшырылды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда жакыр жашаган 20 үй-бүлөгө бирден батир тапшырылды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, Ноокен районунун аймагындагы Масы айыл өкмөтүндө жакыр жашаган 5 үй-бүлөгө бирден батир жана акчалай жардам берилди. Ошондой эле Шайдан айыл өкмөтүндөгү 5 үй-бүлөгө бирден батир тапшырылса, Кочкор-Ата шаарындагы жакыр жашаган 5 үй-бүлөгө бирден батир жана бирден уй торпогу менен берилди. Мындан тышкары, Достук айыл өкмөтүндө жардамга муктаж 5 үй-бүлөгө бирден батир тапшырылды. Берилген үйлөрдүн баары керектүү эмеректер менен толукталган.

Мындай жардамдар кайрымдуулук фонд тарабынан багар-көрөрү жок, жесир жана балдарын жалгыз баккан жалгыз бой энелерге айыл өкмөттөрдөгү жана мэриядагы комиссиялардын чечими менен көрсөтүлдү.

Тапшыруу аземине аким, айыл өкмөт башчысы, шаар мэри жана жергиликтүү тургундар катышты. Өз кезинде аким Э.Маматаев колдоо көрсөткөн кайрымдуулук фондго ыраазычылык билдирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 777
×