Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Жалал-Абад

Базар-Коргондо согуштун ардагерлерин Жеңиш майрамы менен куттукташты (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районундагы согуштун ардагерлеринен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кабар алып, Жеңиш майрамына карата өз белектерин тапшырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, райондо 22 ардагер бар, алардын ону ооруктун, ал эми 12 адам согуштун ардагерлери. Алардын бири — 95 жаштагы Гапуржан Юсубалиевдин айтымында, ал кандуу согуш майданында өз жанын аябай, душмандар менен салгылашкан.

«Өзүм менен кошо барган жоокерлердин көпчүлүгү окко учуп каза болду. Ал кайгылуу элестерди бүгүнкү күнгө чейин унута албайм», - дейт ардагер.

Ал эми ооруктун ардагери Паша Сатарова 9 уул, 1 кыздын энеси. Буга чейин согуштун канчалык азаптуу жана кайгылуу экендигин өз балдарына жана неберелине айтып берип келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 387
×