Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.05.2018 11:09 Жаңыланды: 08.05.2018 18:44 На русском

Бишкек—Ош жолунда 3 адам каза болгон жол кырсык: Бурулай менен Санжар кыз-жигит болсо, Айтурган мектепте окучу (фото)

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун 466-чакырымында ушул жылдын 3-майында катталган жол кырсыктан каза болгон 3 адам тең Кара-Көл шаарынын тургундары — 1999-жылы туулган Бурулай, 1998-жылы туулган А.Санжар жана 2000-жылы туулган К.Айтурган болгон. Turmush басылмасынын кабарчысы каза болгон 3 адамдын ата-энеси, жакындары менен жолугушту.

39

19 жаштагы Д.Бурулайдын атасы Дөөлөтбек Итикуловдун айтуусунда, кызы ЖАМУнун медициналык колледжинин фармацевтика факультетинин 1-курсунда окуп жаткан.

«Кызым шайыр, ак көңүл эле. Мектепте, жогорку окуу жайында да окуусуна жоопкерчиликтүү мамиле жасачу. Жаштайынан шаардагы «Мираж» бийчилер ансамблинде бийлеп, комузда ойноп, музыкалык билим алган. Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясын бүтүргөн. Билим алып жаткан медициналык окуу жайында да жакшы окугандыктан, жакында алдыңкы студенттер менен Самаркандга экскурсияга бармак эле. Аба ырайынын жаанчылдыгына байланыштуу 9-май майрамынан кийин бармак болуп калышкан. 3-май күнү Кара-Көлдү көздөй чыкканын биз билген эмеспиз. Апасы менен сүйлөшкөндө келбей турганын айткан экен. Жол кырсыгына кабылганы тууралуу кабарды ошол кырсыкта каза болгон кыздын атасы Максат аке бизге телефон чалып билдирип, кызыбыз кырсыктап, Таш-Көмүр шаарындагы ооруканада экендигин айтты. Оюбузда эч нерсе жок ал жакка жөнөп кеттик. Ошол жакка барганда гана кызыбыздын денеси өлүкканада экендигин уктук. Кирип кызымды тааныдым. Бетинин бир жагы жарылган экен. Өзү менен чогуу каза болгон Санжар аттуу бала менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөнүн эми угуп жатабыз», - деди ал.

Апасы Тамаранын айтуусунда, кызына шериктери телефон чалбай, Кара-Көл шаарынан Жалал-Абадга барышкан.

«Алар Кара-Көлдөн 3-майга караган түнү саат 02:30 чамасында чыгып кеткен деп угуп жатабыз. Айдоочу баланын ата-энесинин айтуусунда, баласы түнү 12:30 чамасында ата-энесин бир жерден үйүнө жеткирип, агасынан унааны сураганда бербей койгон. Бирок ага айтпай, эртең менен келип калабыз деп жолго чыккан. Үчөө таңкы саат 04:00 чамасында Жалал-Абадга жетип, кызыма телефон чалышып, «сюрприз, биз келип калдык, эшикке чык» деп чалышканын кызымдын батирде бирге жашаган кыздары айтышты. Алардын айтуусунда, кызым чыгып кеткен бойдон кайра кирген эмес. Кызым чыккандан кийин аны ээрчитип алып баса беришкен деп ойлойм. Анткени кызымдын жанында сумкасы же керектүү буюмдары жок экен. Болгону телефону, наушниги, бир аз акчасы бар экен», - деди апасы.

Кырсыктан каза болгон 18 жаштагы К.Айтургандын атасы Максатбек Нусупбаевдин айтуусунда, кызы кечинде эжесиникине бара турганын айтып, үйүнөн узаткандан кийин короосундагы эки ити артынан үрүп, тынбай улуган.

«Кызымды узаткандан кийин короодогу эки итим ал эшиктен чыгары менен аябай үрүп, артынан улуп калышты. Алар ушундай болорун сезсе керек. Өзүм да аябай таң калдым. Кызым үйдөгү жети бир туугандын улуусу эле. Ак көңүл, эркек мүнөз, шайыр болчу. Мындан бир жарым жыл мурун апасы өтүп кеткенден кийин сиңди, инилеринин түйшүгүн мойнуна алып, менин оң колум болуп, бир туугандарын карашчу. Кандай иш болсо жасай берчү. Бир туугандарына мээрим төгүп, окуусуна да барып, кабар алып турчу эле.

Мектепте жакшы окуп, спорттук секциялардан волейбол, баскетболго катышчу. Шаардагы Ч.Түлөбердиев атындагы №2 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде 11-класста окуп жаткан. Быйыл бүтүрүүчү эле. Жалал-Абадга баруусунун себеби — менин угушум боюнча айдоочу бала сүйлөшкөн жигити экен. Каза болгон жигит Россиядан келген. Айдоочу жигит да Таласта иштеп, Кара-Көлгө келген дешет. Бурулай Жалал-Абадда студент экен. Булар чогулуп, Бурулайды Кара-Көлгө алып келгенге барышыптыр. Ал кыз ата-энесине сюрприз кылам деп айткан эмес экен. Бул жаштардын турмуш куруп, чогуу түтүн булатсак деген жакшы максаттары бар экен. Ушуларды эми угуп жатабыз», - деди ал.

Каза болгон А.Санжардын агасы Аскар Артиевдин айтуусунда, иниси төрт бир туугандын экинчиси болчу.

«Иним 19 жашта болчу. Сант-Петербургдан бул жакка келгенине бир айдан ашкан. Экөөбүз чогуу ошол шаарда иштечүбүз. Аны үйдү бузуп, кайра куруу үчүн жөнөткөн элек. Ал келип эски үйдү бузуп, кайра жаңы пайдубал куюп, үйдү куруп бүтүрмөк. Жалал-Абадга барганы тууралуу үйлөгүлөрдүн бири да билген эмес. Жол транспорт кырсыгына кабылганы туралуу 3-май күнү саат 11:00 чамасында угушкан. Анын боорукер, адамгерчиликтүү, ак көңүл экендигин Жазы-Кечүү айылындагылардын баары билет. Спорттун эркин күрөш түрү менен машыкчу. Спорттук иш-чараларга активдүү катышып келген», - деди ал.

Буга чейин 3-майда саат 07:15 чамасында Ош—Бишкек унаа жолунун 466-чакырымында жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болсо, айдоочу ооруканага жеткирилгендиги маалымдалган. Каза болгондор 4-май күнү жерге берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×