Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Жалал-Абад

Базар-коргондук жигит айылдашын бычактап өлтүргөн учурдагы видео

Turmush -  Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды.

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы жабырлануучу кан көп жоготуп, ошол жерде каза болгон.

«Бул окуя боюнча Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе ошол эле айылдын 1994-жылы туулган тургуну шектүү катары кармалды. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Ал эми шектүү Базар-Коргон РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуя териштирилип жатат», - деп билдиришти ОИИБден.

Кийинчерээк ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, шектүү катары кармалган жаран мас абалда болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 32011
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×