Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Жалал-Абад

Фото, видео — Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды (18+)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу автобекетте эки жигит бычакташып, 19 жаштагы жигит алган жараатынан улам каза болду. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор билдиришти.

Маалым болгондой, окуя бүгүн, 7-майда саат 09:30 чамасында болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, эки жигит тең бир каттамдагы унааны күтүп отурушкан. Алардын ортосунда пикир келишпестик орун алып, ал бычакташуу менен аяктады. Бири окуя болгон жерде каза болгон.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБ райондун автобекетинде оор кылмыш жасалганын тастыктады.

Мекемеден алынган маалыматка караганда, Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы жабырлануучу кан көп жоготуп, ошол жерде каза болгон.

«Бул окуя боюнча Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе ошол эле айылдын 1994-жылы туулган тургуну шектүү катары кармалды. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Ал эми шектүү Базар-Коргон РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуя териштирилип жатат», - деп билдиришти ОИИБден.

Кийинчерээк ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, шектүү катары кармалган жаран мас абалда болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 53789
Учурда окулуп жатат
    ×