Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Сузактык фермер 200 миң сомдук буканы сатыкка чыгарды (фото, видео)

Turmush -  Жалал-Абаддагы базарда «Ангус» породасындагы бука 200 миң сомго сатыкка чыкты. Базардан тартылган видеону «Репортерго» жөнөткөн күбөнүн айтымында, аны ээси 150 миң сомго сатуудан баш тарткан.

Маалым болгондой, 2 жаштагы буканын ээси — Сузак районунун тургуну Кахар Эшкозуев. Буга чейин Turmush басылмасынын кабарчысы К.Эшкозуевдин фермасы менен таанышып келген болчу. Ал бодо малдын 3 породасын багып, күнүнө 50 литрден сүт алат.

20 жылдан бери бодо мал баккан фермер алгач 20 баш уй, 4 торпок багып баштаса, учурда фермадагы бодо малдын саны 150гө жетет. Негизинен эт, сүт багытындагы «Ала-Тоо», «Швид» породасындагы уйларды багууда. Ошондой эле кийинчерээк эт багытындагы «Абердин-ангус» породасындагы бодо малды багып баштаган.

«Бул бодо малдар биздин шартыбызга көнгүчө 1-2 жыл кыйналышты. Учурда жакшы сүт берип баштады. Бирок сааган сүтүбүздү сата албай кыйналып жатабыз. Себеби, бизде сүттү кайра иштетүүчү ишканалар жок. Кышкысын жакшы сатылат. Апрель айынан тарта сүттү сата албай кыйналып баштайбыз. Ошондуктан малды жайлоого чыгарууга аракет жасайм», - деген фермер.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 15634
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×