Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 04.05.2018 16:32 На русском

Бишкек—Ош жолунда талкаланган унаада каза болгон үчүнчү адам — 19 жаштагы Бурулай

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун 466-чакырымында талкаланган унаанын каза болгон үчүнчү жүргүнчүсүнүн өздүгү такталды. Ал — Кара-Көл шаарынын 1999-жылы туулган тургуну Д.Бурулай болуп чыкты.

Кечээ, 3-майда саат 07:15 чамасында Ош—Бишкек унаа жолунун 466-чакырымында жол кырсыгы катталып, окуя болгон жерде 3 адам көз жумган. Алардын арасында мектеп окуучусу да бар.

Алар:

- 1998-жылы туулган А.С., Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын тургуну;

- 2000-жылы туулган К.А., Кара-Көл шаарынын тургуну, мектеп окуучусу;

- 1999-жылы туулган Бурулай, Кара-Көл шаарынын тургуну.

Ал эми айдоочу учурда Таш-Көмүр шаардык ооруканасында дарыланып жатат.

Айдоочунун айтымында, Жыйырманчы айылынан Кара-Көл шаарын көздөй бара жаткан. Болжолдуу маалыматтарга караганда, аталган унаа жол жээгиндеги эки бакты катары менен сүзүп, талкаланып калды.
Күбөлөрдүн бири кырсык болгон учурда бир жүргүнчү унаадан ыргып кеткенин айткан болчу. Учурда бул окуяга байланыштуу укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тактоо иштерин улантып жатышат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×