Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Жалал-Абад

Ала-Буканын Кызыл-Коргон айылында жаңы көпүрө курулду

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу Баймак айылынын Кызыл-Коргон участкасында жаңы көпүрө курулуп, 4-майда жергиликтүү тургундардын жана райондук бийлик жетекчилеринин катышуусу менен ачылып, ишке кирди. Анын курулушуна 1 миллион 180 миң сом акча сарпталган. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Калчабү Үсөнбаева кабарлады.

Анын билдиришинче, бул көпүрө Баймак айылын Ала-Бука—Касан-Сай жолу менен байланыштырат. Көпүрө Кызыл-Коргон участкасында жашаган 120 адамдын өтүнүчү менен курулду. Көпүрөнүн курулушуна жергиликтүү бюджеттен, «Баймак» ЖЧКсынан жана БУУнун азык-түлүк программасынан бөлүнүп берилген каражат жумшалды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 491
Көп окулду
×