Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 03.05.2018 20:01

Тогуз-Тородо «Мыкты жоокер» оюну өттү

Turmush -  Тогуз-Торо районундагы Асан Абдраимов атындагы орто мектепте Жеңиш күнүнө карата «Мыкты жоокер» аттуу аскердик-патриоттук оюн өттү. Бул тууралуу акимдин орун басары Гүлжамал Султангазиева билдирди.

Анын билдиришинче, оюнга ушул эле мектептин 10-11-класстарынын окуучулары катышып, алар аскердик даярдык боюнча машыгып, жоокердик турмушка байланыштуу ыр-бийлерди аткарышты.

Ал белгилегендей, 5-май күнү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгына байланыштуу алыс аралыкка чуркоо болуп өтөт. «Ыйман» фонду жаштар менен жолугушуу өткөрүп, 9-май күнү район борборундагы көчөлөрдү «Өлбөс полктун» күжүрмөндөрү аралап өтүшүп, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлуп, алардын арбагына куран окутулат. Ага райондук аскер комиссариатынын кызматкерлери, Ооган согушунун ардагерлери жана мектептердин 200дөй улан-кыздары катышат. Тогуз-Тородо согуштун жана ооруктун бир да ардагер катышуучулары калган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×