Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Кара-көлдүк Ж.Коңулчиев ар бир түбү 5 кг түшүм берген помидор өстүрүүдө (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Жусуп Коңулчиев 17 жылдан бери жашылча көчөттөрүн өстүрүп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, быйыл биринчи ирет күнөскана куруп, помидордун буран сортун өстүрүп жатат.

«Бул кышкысын иштетүүчү толук шарттуу күнөскана эмес. Жакында март айында гана куруп бүттүм. Ичине помидордун күнөсканада өсүүчү буран сортунун 430 түбүн отургуздум. Ар бир түп 5 килограммдан түшүм берет деп жазылган. Бирок алгач ирет отургузуп, эксперимент кылып жаткандыктан ар бир түптөн 3 килограммга чейин түшүм жыйнасам деген пландар бар. Эң тажрыйбалуу, күнөскана иштетип, анын сырын билип калгандар буран сортундагы помидордун ар бир түбүнөн 8 киллограммга чейин түшүм жыйнашат экен. Экологиялык жактан таза, жер семирткичтен бир гана кык сээп өстүрүүдөмүн», - деди ал.

Анын айтуусунда, 2001-жылдан бери жашылчанын көчөттөрүн өстүрүп, жазгысын аны сатуу менен жылына 100 миң сомдун тегерегинде пайда табат.

«Ар жылы ар кандай киреше алабыз. Күнөсканадан эң эле аз дегенде 50-60 миң сом пайда түшсө жакшы болот деген ишенич менен иштетип жатам. Быйыл дагы жылдагыдай помидордун волгоград, ачуу (огонек), кызыл түстүү таттуу, көк түстөгү ачуу калемпир, кызылча, баклажан, капуста өңдүү жашылчалардын көчөттөрүн эгип, учурда кардарларга сатып жатам. Баардык жашылчанын көчөтүнүн бир даанасы 1 сомдон сатылат», - деди ал.

Ж.Коңулчиев кесиби боюнча ширетүүчү, айдоочу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2079
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×