Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Жалал-Абад

Ала-Бука районунда «Айдоочу, абайла!» иш-чарасы өттү

Turmush -  Ала-Бука районунда өспүрүмдөр арасындагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында «Айдоочу, абайла!» деген аталыштагы иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, иш-чара РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы менен биргеликте уюштурулду. Анда жолго жакын жерде жайгашкан мектептерде, автоунаалар көп жерде жана катуу ылдамдык менен жүргөн жерлерде кырсыктар катталары эске салынып, Ала-Бука районунун мектеп окуучулары тарабынан түзүлгөн «Жол кыймылынын жаш досу» тобу кооптуу жолдорго чыгып, жол кыймылынын эрежелерин көрсөтүп беришти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 395
Көп окулду
×