Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Жалал-Абад

«Эгиздер»: Россияда билим алып жаткан Адинанын түгөйү Алина сынакка эки башка бут кийим кийип барган (фото)

Turmush -  «Эгиздер» рубрикасынын кезектеги каармандары — Адина Уланова менен Алина Уланова. Алар Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 1996-жылы төрөлүшкөн.

Адина Уланованын айтымында, үй-бүлөдө 3 бир тууган.

«Алина экөөбүздүн байкебиз бар. Ал тиш дарыгери. Ал эми эгизим экөөбүз чыгармачылык деген жолдобуз. Экөөбүз тең Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын артыкчылык диплом менен ийгиликтүү аяктаганбыз. Учурда эгизим үй-бүлөлүү болгондугуна байланыштуу мектепте иштейт. Мен искусство тармагында Санкт-Петербург шаарында аспирантурада окуп жатам. Кезинде экөөбүз тең президенттик стипендиянын ээси болгонбуз. Ошондой эле Кыргызстандын атынан Шанхай кызматташтыгы менен Санкт-Петербург, Пекин, Шанхай, Астанага барып концерт койчубуз.

Алина экөөбүз бардык улуттук аспаптарда ойноп, бийлеп жана ырдайбыз. Апабыз музыкант адам болгондуктан ал бизди музыкалык ийримдерге көп алып барды. Ошондон улам чыгармачылыкка жакын өстүк. Ал убакта апам "канчалык көп өнөрдүн ээси болсоң, ошончо кулачың кең ачылып, ошончо ийгиликке жетишесиң" дечү. Бирок биз бул сөздөрдүн маанисине түшүнбөй, уйкудан калып, ойногонго да убактыбыз болбогондуктан көп капа болчубуз», - деди ал.

Эгиздер 7 айлык болуп төрөлүшкөн.

«Биз 7 айлык болуп төрөлгөндүктөн салмагыбыз 1 кг 100 грамм жана 1 кг 200 граммга гана жеткен. Аябай кичинекей болуп төрөлгөнүбүздөн дарыгерлердин көзөмөлүндө болуш үчүн Бишкекке көчүп келгенбиз. Анын үстүнө чоң апабыз Роза Абиева гинеколог жана атам да дарыгер болгондуктан жер которууга туура келген.

Кичинебизде экөөбүз окшош кийингенди жаман көрчүбүз. Көчөдөн элдер көп карап, колдору менен көрсөтүп, көп көңүл бөлгөндөрү жакчу эмес. Алина болсо кичинесинде фотомодель болом деп кыялдангандыктан өзүнө көп көңүл буруп, ачык түстөгү кийимдерди жакшы көрчү. Кыялы да сезимтал, назик болчу. Мен болсо тескерисинче эркек мүнөз болуп, Алинаны көп коргоп жүрчүмүн.

Экөөбүз тең суши тамактарын жакшы көрөбүз. Хоббибиз — дүйнөгө саякаттоо, китеп окуу.

Биз Дубай, Түркия, Индонезия, Москва, Питер, Азербайжан, Пекин, Шанхай, Польша жана башка жерлерди кыдырып келдик. Ушул жетишкендиктерибизге апамдын ролу чоң. Ал убагында жогорку окуу жайда окуп жүрүп биринчилерден болуп коррупция темасында саясий илимдеринин кандидаты болгон. Ал улуу пианист А.Рябовдор менен билим алган экен. Бизди ушундай тарбия берип өстүргөн ата-энебизге таазим кылабыз», - деди ал

Адина кызыктуу окуяларынан да айтып берди.

«Консерваторияга тапшырып жатканда апам жумуштан келип, бизди шаштыргандыктан Алина эки башка бут кийим кийип алыптыр. Унаадан түшүп жатканда көрүп аябай күлгөнбүз. Бирок сынакка жетишүү үчүн аны алмаштырууга убакыт тар болуп, айла жок ошол бойдон киргенбиз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2362
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×