Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Жалал-Абад

Сузакта жер көчкү кайрадан активдешип, сууну тосуп калды

Turmush -  Сузак районунда жер көчкү активдешип, сууну кайрадан тосуп калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 29-апрель күнү Курманбек айыл аймагынын Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен болжол менен 1,5 млн метр куб жер көчкүсү сүрүлүп, анын ичинен 48 000 метр куб жер көчкү Көк-Арт дарыясын бөгөп калган. Топтолгон суу жер көчкүнү жиреп, акырындык менен өз нугу боюнча агып жаткан. Бирок 2-майда саат 20:15 чамасында жер көчкү активдешип сүрүлүп түшүп, кайрадан суунун нугун бөгөп калды. Учурда топтолгон суу (болжол менен 1 млн 200 миң метр куб) жер көчкүнү жиреп, акырындык менен өз нугу менен агууда.

Учурда аталган жерде ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу жана жарандык коргонуу комиссиясы абалды көзөмөлдөп турушат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1352
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×