Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 01.05.2018 16:16

Фото — Үч-Теректеги 20 жылдык бүтүрүүчүлөр майып жубайлардын үйүнүн курулушун бүтүрүп беришти

Turmush -  Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы мектепти 20 жыл мурда аяктагандар майып жубайлардын курулушу аягына чыкпай жаткан үйүн толук бүтүрүп беришти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургун Тагайбек Урматаевдин айтымында, айыл тургуну Жамбыл Сариевге 4 бөлмөлүү үй салынды. 2-топтогу майып жубайлар буга чейин бош үйлөрдө жашап келишкен. Алар өздөрү үйдүн дубалын курууга аракет кылышкан. Классташтар чатырын жаап, айнек-терезе коюп, ичи-тышын оңдоп-түздөп беришти.

«Үйдүн ачылыш аземине айылыбыздын аксакалдары, кошуналары, дос-тамырлары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана 20 жылдыктын балдар-кыздары катышты. Келген коноктор акчалай жана материалдык белек-бечкектерин тапшырышты», - деди ал.

Жубайлар 2 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×