Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

«Мекендештер»: Жасаган эмгеги ааламга тараган айкелчи Т.Маматованын чыгармачылык чыйыр жолу (видео, фото)

Turmush -  Он бир жылдан бери айкелчилик менен алектенип келе жаткан 31 жаштагы Тамила Маматова учурда Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы И.Е.Репин атындагы мамлекеттик көркөм өнөр, айкел жана архитектура академиялык институтунда билим алууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, жасаган эмгектери Турция, Иран, Италия, Болгарияга чейин тараган.

«Үй-бүлөбүздө чоӊ атам темир устачы болгон. Менин айкелчи болушума чоӊ атаӊдын таасири бар деп, апам дайыма айтып келет. Эки-үч жашымда чоӊ атам балбылдап күйгөн оттун жанында темир менен иштеп жатканын азыр элес-булас билем. Ал киши мен 6 жашка чыкканда каза болгон.

Мектепке бара элек курагымда колума тийген буюмдар менен көрүнгөн жерге адамды, жаныбарларды, алма жана жалбырактарды тарта берчүмүн. Апам мен тарткандарды тазалап, ошо менен алек болчу. Азыр эстесем, ошондо эле ылай менен идиш-аяк, үй эмеректерин жасачу экемин. Колдорум дагы тилинип, жарылып кетчү эле. Мен ага карачу эмесмин. Апамдын айтымына караганда, менин тилим аябай кеч чыккан экен. Мектепке болсо 8 жашымда кирдим. Бул жерден мага сүрөт сабагы абдан жакчу. Жакшы тартканым үчүн го, классташтарым мага кээде таарынышчу. Кийин 7-классыман тарта ушул айкелчиликке кызыгып калдым. Ар кыл буюмдардан сүрөттөрдү, элестерди, баатырларды тартып, чие баштадым.

Ошентип, Ала-Бука районунун Келте айылындагы Р.Кулуев атындагы №11 орто мектебин аяктап, андан соӊ Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетине тапшырдым. Ал жерде айкелчилик жок болгондуктан, аны бир жылдан кийин таштап, агайлардын сунуштоосу боюнча Бишкектеги Т.Садыков атындагы Кыргыз көркөм-сүрөт академиясына 2007-жылы кайрадан 1-курска тапшырдым. Аны 2012-жылы аяктап, Орусиянын И.Е.Репин атындагы мамлекеттик көркөм өнөр, айкел жана архитектура академиялык институтуна 1-курска тапшырдым. Быйыл 6-курста окуп жатам. Дипломдук ишиме жазуучу Ч.Айтматовдун эстелигин жасап жатам», - деди ал.

Мекендешибиздин жасаган эмгектери бир топ сыйлыктарга да татыган.

«Эсептесем, далай эмгектерди жасаптырмын. 11 жылдан бери айкелчилик менен алектенип келе жатам. Монументтик жумуштарым Бишкек, Талас, Ысык-Көл жергесине көрк берип турат. Мындан тышкары Турцияда, Иранда, Италияда, Болгарияда да жасаган жумуштарым бар. Үзүрлүү эмгектин арты менен бир катар сыйлыктардын ээси болдум. Чет өлкөлөрдө өткөн кароо-сынак, симпозиумдарга, көргөзмөлөргө катышып, Кыргызстандын желегин желбиретип келе жатам. Жакында эле Венеция шаарына таш боюнча симпозиумга чакырышты. Эми буюрса Италияга сапар тартабыз. Ушул жылы эле эки көргөзмөм болуп өттү. Жакында ушул Питер шаарында май айында үчүнчү көргөзмөм болот», - деди ал.

Айкелчи Тамила түшүндө Ч.Айтматовдун ага жардам бергенин көп көрөт.

«Мен өзүм эргүүнү күтүп олтурбай эле иштей берем. Көбүнчө көчөдө баратканда же китеп окуганда жакшы ойлор келип калат. Аны болсо дароо кагазга же ылайдан тез эле жасап салам. Кээ бир чыгармаларымды түшүмдө көрөм. Азыр Айтматовдун эстелигин жасап жаткандыктанбы айтор, түшүмө улуу жазуучу дайыма кирчү болду. Түшүмдө ал мага жардам берип жүрөт. Ушул Чыңгыз агамды маӊдайыма тургузуп алып, портретин жасасам деп кыялданчумун. Бирок, ал тилегим аткарылбай калды. Азыр болсо ал кишинин эстелигин жасап жатам.

Чыгармачылыгымда көп кызыктуу окуялар болот. Кээде форманы топтоп, ичине гипс куюп коеюн десем, форма жарылып кетип жасаган жумушум жокко чыгат. 2-курста Бишкекте окуп жүрүп 2 метр 35 см болгон Семетейдин айкелин жасамай болуп, каркасты ширетейин деп ширеткич таппай койгом. Анан айла кеткенде, ширеткенди өзүм үйрөнүп жасагам. Ошондон бери ширетүүнүн ыкмасын да билем.

Келечекте максаттарым бийик. Эӊ негизгиси өнөрүм менен элиме кызмат кылуу», - деди мекендешибиз.

Тамила 1987-жылы 7-октябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Келте айылында төрөлгөн.

«Ата-энем медицина кызматкерлери. Тилекке каршы атам каза болуп калган. Апам болсо ардактуу эс алууга чыккан. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсүмүн. Менден улуу эки эжем жана бир иним бар. Ата-энебиз ушул төртөөбүздү теӊ окутушту», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2240
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×