Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 30.04.2018 20:30

Кара-Көлдө волейбол боюнча ачык турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында 28-29-апрель күндөрү бир тууган Бопошовдордун жаркын элесине арналган 22-жолку волейбол боюнча ачык турнир болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маркум Бопошовдордун иниси Заманбек Бопошовдун айтуусунда, турнирдин жалпы байге фонду 100 миң сомду түзөт.

«Бул турнирге Бишкек шаарынан бир команда, Ысык-Көл облусунан «Бүркүт» командасы, Базар-Когон, Ноокат, Ош, Ала-Бука менен Чаткал жаштары өзүнчө бир команда, Таластан келген команда жана Кара-Көл шаарынын «Энергетик» жана «Кара-Көл» командаларнын волейболчулары катышты. Жалпысынан 8 команда биринчилик үчүн күч сынашты. Агаларым Бопошов Тыныш, Бопошов Жыргалбек экөө тең Кара-Көл шаарында туулуп өскөн, №2 Ч.Түлөбердиев атындагы орто мектепти бүтүрүшкөн. Экөө тең бул дүйнөдөн эрте, 41 жаш курагында өтүп кетишти. Волейбол боюнча турнир өткөрүү идеясын достору демилгелеп, улуу агам Тыныш 1994-жылы каза болгондон кийин, 1996-жылдан баштап турнир өткөрүлүп баштаган. Быйыл 22-ирет өткөрүлүп жатат. Тыныч агам шаарда институтта сабак берип, Жазы-Кечүү айылында совхоздун директору болуп иштеген. Кичүү агам Жыргал шаарда жол салып эмгектенген», - деди ал.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча 1-орунду «Ош-Ноокат» командасы ээлеп, 25 миң сом акчалай сыйлык, медаль, дипломдор менен сыйланышты. 2-орунду Кара-Көл шаарынын «Энергетик» командасы ээлеп, 15 миң сом акчалай сыйлык, медаль жана дипломдор менен сыйланышты. 3-орунду Ысык-Көлдүн «Бүркүт» командасы ээлеп, 10 миң сом, медаль жана дипломдор менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×