Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 30.04.2018 16:20

Чаткалда спорттун 4 түрү боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Turmush -  Чаткал районунда спорттун 4 түрү боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Чатка районунун акими Канжар Эшалиев билдиргендей, жеңүүчүлөр үчүн 150 миң сом акчалай сыйлык бөлүнүп берилди.

«Райондо спорттун волейбол, футбол, чикилдек, ордо оюндары боюнча мелдеш уюштурулду. Спорттук мелдешке райондогу 15 айылдан келген командалар катышты. Волейбол мелдеши улуулар жана жаштар ортосунда өттү. Жалпысынан 60 миң сом акчалай сыйлык жеңүүчү командалар жеңип алды. Мындан сырткары футбол, чикилдек жана ордо оюндарына 90 миң сом акчалай сыйлык бөлүнүп берилди. Бул спорттук оюндар элдин ынтымагын чыңдоо, жаштарды спортко үндөө максатында уюштурулду. Кыргыз элинин улуттук чикилдек, ордо, оюндары боюнча мелдеш жыл сайын ойнотулуп келүүдө», - деди Эшалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×