Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Жалал-Абад

Ала-Буканын тургуну өзбек чек арачысы менен болгон жаңжалдын чоо-жайын айтып берди

Turmush -  Ала-Бука районунда Өзбекстандын чек арачысы менен жергиликтүү тургундун ортосунда чыккан чыр жөнгө салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү тургун Абдирашид Азимовдун айтымында, окуя кечээ, 29-апрелде Көк-Таш айылында катталган.

«Мен чек ара тилкесине жакын жайгашкан багымды сугарып жатсам, өзбек чек арачысы келип, мага бакты сугарууга тыюу салды. Мен бак биздин жерде жайгашканын айтсам, мени сөгүп кирди. Анан өзбек чек арачысы мени чек араны көздөй сүйрөгөнгө аракет кылды. Ошол маалда мен анын рациясын алып качып кеттим. Кечке маал биздин райондон милициялар, чек арачылар келип, эки тараптуу сүйлөшүү болду. Ага мен дагы катыштым. Өзбек чек арачысы чек араны бузганын мойнуна алды. Мен анан рацияны кайтарып бердим», - деди А.Азимов.

Ал эми Көк-Таш айыл аймагынын башчысы Р.Эргешовдин айтымында, учурда абал тынч.

«29-апрелде чек ара тилкесинде болгон окуя боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду. Ага райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, №2030 чек ара бөлүгүнүн командири жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ошондой эле өзбек тараптан да тийиштүү жетекчилер катышты. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында өзбек чек арачысы эрежелерди бузгандыгы аныкталды. Кыргыз жараны алып койгон рация кайтарылып берилди. Ошондой эле, жергиликтүү тургундарга дагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», - деди Р.Эргешов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1211
×