Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Базар-коргондук Э.Абдуллаев айылда кирешелүү бизнес түптөөнүн жолу менен бөлүштү (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун тургуну Эркин Абдуллаев күнөскана иштетип, жакшы киреше табууда. Элеттик дыйкан менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, алгач өзү кичинекей күнөскана куруп, ага помидор жана бадыраң эгип, кыштын күнү түшүмүн алып, сатыкка чыгаргандан кийин гана чоң аянтка күнөскана курган.

«Кеч күздө түркүктөрүн жыгачтан жасап, анан полиэтилен клёнка менен үстүн жаап помидор эктим, сууктун күнү үстүн термос кылып жылуулап, анан ичине печка жагып койдум. Тиги эккен помидорлорум гүлдөп, түшүм байлап, январь айларында бышып жетилди. Анан аны үзүп алып, дүкөңдөргө өткөрүп келип жүрдүм. Бизде айыл жергеси болгон үчүнбү кыштын күнү помидор анча деле өтүмсүз болот экен. Эртең менен чыгып кетем, дүкөндөргө 1 килограммдан таштап, анан базарга барып, дүң баада сатуучуларга өткөрүп жүрдүм. Жазында банктан 400 миң сом насыя алып, чоң күнөскананы курдум. Анын каркастарын, темирлерин, жылытуу үчүн мештерди, түтүкчөлөрдү сатып алып, күнөскана курган адамдардан кеңеш алган соң өзүм курдум. Жаңы күнөскананы 3 сотых жерге кургам, биринчи помидор эктим, анын түшүмүн февраль айынын аягында, марттын башында жыйнап алып, ошол эле жерге бадыраң эгип, азыркы күндө түшүмүн алып жатам. Учурда күн сайын эртең менен 10-15 кг бадыраң терип, таксилерден базарга салып жиберем. Кечке маал сатуучулар өздөрү ошол эле таксиден акчасын салып жиберишет», - дейт элеттик дыйкан.

Мындан сырткары, дыйкан буга чейин Тажикстандан Казакстанга оор жүк ташуучу унаа менен газ ташып жүргөнүн, кийинчерек андан тажап, күнөскана куруп дыйкан болгонун кошумчалады.

«Буга чейин «КамАз» айдап, газ ташып жүрчүмүн. Чынында ал иш өтө кооптуу, жолдо жүрүп эле чарчап каласың. Анан өзүм эс алайын деп, айылга келип дыйканчылык кылууну чечтим. Китеп саткан дүкөндөрдөн дыйканчылыктын сырлары, күнөскана куруунун жолдору жазылган китептерди алып, окуп жүрүп үйрөндүм. Ачыгын айтканда бул ишти кылып ырахат алам. Анткени кыштын күнү кылаарга иш жок болот. Короодогу мал-жандыкты карап эле олтурасың. Ал эми күнөскананын ичинде жылуу, ар бир көчөттүн түбүн карап, тамчылатып сугарып, оруу түшсө дарылап отурам, бул күнөскана мага экзотикалык жерге айланды. Эшикте суук болгон учурда жылуу анан жапжашыл болгон жерде олтуруп, эс алам. Бул иштин да өзүнө жараша түйшүгү бар, бирок өтө кирешелүү жумуш. Алдыда күнөскананы дагы да болсо, чоңойтууну пландап жатам», - дейт Э.Абдуллаев.

Мындан сырткары, дыйкандын кошумча талаада 3 гектар шаалысы жана бир гектар жүгөрүсү бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1406
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×