Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 30.04.2018 10:49

Ала-Букада Эшме каналы 5,9 млн сомго капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө (фото)

Turmush -  Ала-Бука районундагы Өрүк-Сай айылындагы Эшме каналы учурда капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.

Маалым болгондой, Эшме каналынын оңдоо иштери былтыркы жылдын күз айларында башталып, кыш мезгилинде убактылуу токтотулган болчу.

Жаздын келиши менен кайрадан оңдоо иштери башталды. Долбоорго ылайык каналдын 2540 метрин бетондоо иштери жүргүзүлөт. Бул долбоор Европа биримдигинин эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашып, аны оңдоого 3 млн 526 миң сом каражат бөлүнгөн.

Ал эми курулуш иштерин жүргүзүүгө Өрүктү айылдык аймагы аркылуу райондун өнүктүрүү фондунан 2 млн 386 миң сом каражат каралган. Учурда каналдын оңдоо иштерин тендерден утуп алган «Евростиль корпорэйшн» ЖЧК жүргүзүүдө.

Анын жетекчиси А.Дүйшөнкуловдун айтымында, бүгүнкү күндө каналды бетондоо ишинин 60%ы бүткөрүлдү. Каналдын калган бөлүгү жакынкы 10 күн аралыгында бүткөрүлөт. Эшме каналы аркылуу райондогу эки айыл аймактын эгин талаалары сугарылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×