Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 27.04.2018 12:56

Ноокенде «Белекке китеп тартуула» акциясында китепканаларга китептер берилди (фото)

Turmush -  Ноокен районунда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата жарыяланган «Белекке китеп тартуула» аттуу бир айлык акциянын жүрүшүндө райондогу китепканаларга китептер тартууланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бул акциянын алкагында ар түрдүү иш-чаралар уюштурулуп жатат. Райондук китепканада «Мен дүйнөнү китеп менен тааныйм» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Анда сүрөт тартуу, көркөм окуу, ыр жазуу, улуттук бийлерди бийлөө шарттары болуп, китеп окурмандарынын катышуусунда өткөрүлдү.

Жеңүүчүлөр райондук мамлекеттик администрация, Масы айыл өкмөтү, райондук «Ноокен Жаңырыгы» гезитинин редакциясы жана райондук маданият бөлүмү тарабынан белектер тапшырылды. Бүгүнкү күндө акциянын жүрүшүндө райондун аймагындагы мекеме-ишканалар тарабынан китепканаларга китептер белекке берилип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×