Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Жалал-Абад

Ноокенде Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди (фото)

Turmush -  Ноокен районунда мындан 32 жыл мурда болгон Чернобыль апаатынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Эскерүү иш-чарасына райондун аймагындагы айыл өкмөттөрдүн, мэриянын жана мекеме-ишканалардын жетекчилери, райондук имамдын орун басары, Чернобыль апаатынын катышуучулары жана курман болгондордун жесирлери, ошондой эле Ооган жана Баткен согуштарынын бирикмелеринин төрагалары катышты.

Чернобыль апаатына катышкан райондун аймагындагы төрт жашоочу акимдин ардак грамотасы менен сыйланышты жана акчалай жардамдар көрсөтүлдү.

Район аймагында учурда 22 чернобылчы бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 255
Көп окулду
×