Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 26.04.2018 09:56

Базар-Коргондо авариялык абалдагы электр мамычалар алмаштырылууда

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айылындагы Сайдуллаев көчөсүндөгү 1969-жылы курулган электр мамычалардын абалы талапка жооп бербей, авариялык абалга келип калган.

Маалым болгондой, Базар-Коргон райондук электр тармактар ишканасы 13 даана эски электр мамычаларды жаңы бетондон жасалган мамычаларга алмаштыруу жумуштарын жүргүзүп жатышат. Мамычалар орнотулган соң, 400 метр аба чубалгылары тартылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×