Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Жалал-Абад

Чаткалдын Терек-Сай айылында 500 адам жер алуу үчүн 9 жылдан бери кезекте турат

Turmush -  Чаткал районунун Терек-Сай айылынын тургундары 9 жылдан бери үй салуу үчүн кезекте турушат.

Кызыл-Токой айылынын Бакыт аттуу тургуну жер алуу үчүн 2009-жылы кезекке турганын, бирок азыркыга чейин жер берилбей жатканын айтты. «Мен 2009-жылы үй салуу үчүн жер алууга жазылгам. Бирок азыркы күнгө чейин ала элекмин. Азыр мен сыяктуулар көп», - дейт ал.

Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Аширбаевдин айтымында, учурда 500 адам жер алуу үчүн кезекте турат.

«Терек-Сай айыл өкмөтүндө жер абдан тартыш. Учурда жер алам деп кезекте 500дөн ашуун адам турат. Аларга 2009-жылдан бери жер тилке бериле элек. Учурда 50 гектар жерди трансформация кылып, элге берүү аракетин көрүп жатабыз. Эгер биздин аракеттер жогору жактан колдоо тапса 8 сотыхтан жер берилет», - деди ал.

Терек Сай айыл өкмөтүндө 5 миңден ашык эл жашайт. Айыл өкмөт элине жер маселеси көйгөй жаратып келет. Тургундар мал чарбачылыгы менен күн кечирет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 353
×