Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 25.04.2018 10:16

Тогуз-Тородогу баш аламандык: Кармалгандардын арасында 2 окуучу бар

Turmush -  Тогуз-Торо районундагы баш аламандыктан кийин кармалган 12 адамдын арасында эки окуучу бар. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде парламенттин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов («Ата Мекен») билдирди.

«Мен митингге чыккан адамдар менен жолуктум. Алар кармалган 12 адамдын арасында 2 окуучу – С.Ислам жана Б.Туратбек бар экенин айтышты. Митингге чыккандар балдарды коё берүүнү өтүнүп жатышат. Бул алардын кийинки жашоосуна таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтышты», - деди ал.

Буга чейин ИИМдин Тергөө кызматы Тогуз-Торо районунда баш аламандык уюштурууга шектүү деп 15 тургунду кармагандыгы маалымдалган.

Маалым болгондой, 11-апрелде Тогуз-Торо районундагы алтынды кайра иштетүүчү «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын кайра иштөөсүнө каршы болуп, митингге чыккан элге 30 адамдан түзүлгөн ведомство аралык комиссия түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн барган. Жолугушууга 1 миңге жакын жергиликтүү тургун чогулган. Бирок түшүндүрүү иштери башталганга чейин чогулгандар комиссия жана коомдук тартипти камсыздаган милиция кызматкерлери тарапка таш ыргыткан. Чогулгандардын басымдуу бөлүгүн жаш жигиттер түзгөн. Алар алтынды кайра иштетүүчү ишкананын аймагына кирип, тосмону бузуп баштаган. Ошондой эле курулуп жаткан курулуштарды, үйлөрдү жана техниканы өрттөп жиберишкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 234-берене (бейбаштык), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) жана 233-берененин (массалык тартипсиздик) негизинде кылмыш иш козголгон.

Учурда милиция кызматкерлери коомдук тартипти толугу менен камсыздап, жергиликтүү органдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, териштирүү иштери улантылууда.

Окуя тууралуу:

11-апрелде жергиликтүү тургундар «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын иштешине нааразы болуп, анын имараттарын өрттөп салышкан.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаевдин айтымында, жумушчу топ эл менен жолугуп, элге түшүндүрүү ишин жүргүзмөк. Бирок район эли барган жумушчу топтун пикирине көңүл бөлбөстөн, аларга таш ыргытышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×