Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 24.04.2018 15:18 Жаңыланды: 02.05.2018 08:08

Айыл турмушу: Элечектин түрүн тиккен кара-көлдүк А.Асанбекова анын ден соолукка пайдасын айтып берди (фото, видео)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 66 жаштагы тургуну Анаркан Асанбекова «Ак тилек» байбичелер тобун түзүп, улуттук кийимдерди тигүү менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, «Ак тилек» байбичелер тобун былтыр апрелде негиздеген.

«Быйыл байбичелер тобун түзгөнүбүзгө бир жыл болду, 20-майда бир жылдык отчеттук концертибизди бергени турабыз. Уюшулгандан кийин «Эл арасы — өнөр казынасы» республикалык сынагына катыштык. Октябрда ал сынактын облустук туруна барып, 2-орунду ээлеп, 15 миң сом акчалай сыйлык менен сыйландык. Августта Бишкек шаарындагы этнокомплексте Карылар күнүнө карата концерт болду, ага 7 дубандан шайыр апалардын баары барып катышты. Биз дагы ийгиликтүү катышып келдик.

«Ак тилек» байбичелер тобун түзүүнү шаардын маданият бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Жолдошева сунуштап, түрткү берди. Учурда 55-65 жашка чейинки 10 байбиче «Ак тилек» байбичелер тобунун курамында ырдайбыз. Алардын арасында медайым, тарбиячы, ашпозчу, мугалим өңдүү ар кайсы кесипти аркалаган айымдар эмгектенишет. Мен топтун мүчөлөрүнө тебетей, ак элечек, чапан, белдемчилерди тигип берем. Топтун жетекчиси катары улуттук форма кийүүнү колдойм», - дейт ал.

А.Асанбекова 1951-жылы Токтогул районунун Кызыл Өзгөрүш айылында төрөлгөн. 1969-жылы Фрунзедеги СССРдин 50 жылдык атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, 1975-жылы математика факультетин бүтүргөн. Билим берүү тармагында 45 жыл эмгектенген. Алгач эмгек жолун Токтогул районунун Жетиген мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштап, андан кийин Ничке-Сай айылына келин болду. 1974-жылы Кара-Көлгө жолдошунун жумушуна байланыштуу көчүп келип, кийин кайра көчүп кетишкен.

Көп жыл Ничке-Сай айылындагы Малабай Жунусалиев атындагы мектепте иштеген. 2012-2013-жылдары Кара-Көл шаарына караштуу Көк-Бел айылындагы Бабакан атындагы башталгыч класстардын мектебинде директор болуп эмгектенди. Акыркы 5 жылдан бери Кара-Көл шаарынын Балдар чыгармачыл үйүндө «Жаш математик» ийримин жетектейт. Көп жылдык эмгеги үчүн 2005-жылы «Эл агартуунун мыктысы» төш белгиси менен сыйланган.

Мындан тышкары, ал улуттук баш кийимдерди, чапан, белдемелерди тигүү менен алектенет. Анын айтымында, ар бир баш кийимдин өзүнүн формасына жараша купуя сыры, мааниси бар.

«Илгери секелек, өспүрүм кыздар чачтарын 40ка бөлүп өрүп, тебетей кийишкен. Ал эми бойго жеткен кыздын чачы 10 чакты өрүлүп, шөкүлө кийген. Турмушка чыгарда кыздын чачы экиге өрүлүп, шөкүлөсү менен узатылган. Келин болгондо элечек кийишкен. Элечек «байбиче» элечек же «казы», «хан», «токол» элечек деп бөлүнгөн. Казы элечек тигилген ак кездемесин «каса» же «даки» деп аташкан, анын орому 25-30 жолу болуп, 18-25 метрге чейин кездеме сарпталган. Казы элечекти заңкайтып ороп, көч башында беделдүү, колунда бар, бийлердин, байлардын айымдары кийишкен экен.

Элечектин пайдасы көп. Көчмөн турмушта жашагандыктан көчүп конуп, жолдо-белде жүргөндө бала төрөп калышса, элечектин кездемесине ымыркайды ороп алышкан. Кокустук болуп, бирөө көз жумса кепин катары колдонушса, кырсыктап жарат алгандардын жарааттары таңышкан. Ал эми колунда жоктор эки-үч ором кылып кийип алчу экен. Аны «токол» элечек деп аташат. Келин элечектин орому аз жана ар түрдүү болот. Илгери элечектин төбөсүн ачык коюп койчу экен. Себеби атыр, упа, тарагын салып алышчу дешет. Учун жыгып бүктөп койгондуктан, «келин» элечек деп айрымалашчу экен. Элечектин айымдардын ден соолугуна пайдасы түз басып, тулку бойдун түз кармалышына өбөлгө түзгөнүндө. Илгеркилер остеохондроз жана баш оорулары менен ооруган эмес. Анткени баш жылуу жүргөн. Моюндун койкойтуп, сынын чыгарып, жаак бети жабыла оролуп, моюндагы бырыштар жабылып калат. Ошондуктан элечек кыргыз аялдарына ушунчалык жарашат», - деди А.Асанбекова.

Анын айтуусунда, элечектер таза пахтадан жасалган кездемеден тигилет.

«Айына 3 же 5 даана элечек тигүүгө буйрутма түшөт. Кээде түшпөй калган учур да болот. Эгер кардар кездемесин сатып берсе, тигүү акысына 1000 сом алам. Кездемеси өзүмдөн болсо 2000 сомго тигем», - деди ал.

А.Асанбекова 3 кыздын, 1 уулдун энеси жана 11 небере, 1 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×