Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 23.04.2018 11:07

Базар-Коргондо жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү спорттук мелдешке түштү (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунда 21-апрелде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Спорттун волейбол түрү боюнча өткөн мелдешке райондун аймагындагы мекеме-ишканалардын, айыл аймактардын аппарат кызматкерлери болуп, жалпы 15 команда катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду райондук РЭС тармагынын аппаратынын кызматкерлери ээледи, 2-орунду райондук имам хаттиби, 3-орунду Арстанбап айыл аймагынын аппаратынын кызматкерлери ээледи. Жеңүүчүлөр кубок, акчалай сыйлык, ардак грамота менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×