Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Жалал-абаддык Жамиля жолдошунун «үйдө эле отур» дегенине карабай, жеке бизнесин түптөдү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын тургуну Жамиля Маматкулова өз алдынча сулуулук салон ачып, айымдарга кызмат көрсөтүп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, сулуулук салондун кардарларына бир нече кызматтарды сунуштайт.

«Өзүм 10 жыл убакытка жакын сулуулук салонунда иштеп келе жатам. Ал эми өз алдымча салон ачып иштетип жатканыма 3 жылдын жүзү болду. Алгач шаардагы салондордун биринде чач жасап иштеп жүрдүм. Убакыт өткөн сайын ишенимдүү, дайыма келген кардарларым көбөйүп баштады. Кийинчерээк мен да шаардагы "Береке" базары тарапта өз алдымча салон ачтым. Ошол учурда ижара акысына 3 миң сом төлөчүмүн. Жаңы ачылганда кардарлар жок болчу. 3 ай өзүм топтогон акчаны ижара акысына берип, кыйналып калдым. Кээде жолдошум жардамдашат. Кийинчерээк жолдошум "3 миң сомду мен берейин, үйдө эле отур" деп сунуштап калды. Анын сунушуна макул болбой, кайын журтумдан жардам сурадым. Алар мага чоң жардам беришти. Ал учурда күнүнө 300 сомдон киреше тапсам экен деп тилечүмүн. Анткени анын 100 сомун ижарага берип, 100 сомун чогултуп, калган 100 сомун жол кире акысына жана түшкү тамакка жумшачу элем. Ошентип кыйналып жүрүп кардарлардын санын көбөйтүп алдым. Азыр кудайга шүгүр, чач жасагандан башка да бир нече кызматтарды сунуштайбыз», - деди ал.

Ж.Маматкулова майрам күндөрү жана той башталган мезгилде кардалар көп болоорун белгиледи.

«Шаардын борборунан жаңы имаратка көчкөнбүз. Орто эсеп менен бир күндө 4-5 кыздын чачын жасап берем. Майрам күндөрү жана күз мезгилинде, тактап айтканда той сезону башталганда кардарлар көп болот. Кыздардын бетинин түзүлүшүнө карап аларга макияж жасайбыз. Кээ бир учурларда шашып жатып чач жасалгасын бузуп алып, кайра чачын жууп, жасаган учурлар да болот», - деди Жамиля айым.

Каарманыбыз келечекте үлпөт көйнөктөрдү сатуучу дүкөн ачууну пландап жатканын кошумчалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
1
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3428
Көп окулду
×