Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 21.04.2018 13:30

Тогуз-Торо районунда жылдын мыкты мугалими аныкталды (фото)

Turmush -  Тогуз-Торо районунда «Жыл мугалими — 2018» мсынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү Таалайкүл Какаева билдирди.

Анын айтымында, сынакка 11 мугалим катышып, аларга 5 тапшырма берилди.

1) Ачык сабактар;
2) өзүн-өзү таныштыруу;
3) эссе жазуу;
4) педагогикалык кырдаалдан чыгуу;
5) көргөзмө куралдарды көрсөтүү.

Сынактын жыйынтыгында баш байгени Т.Мойдунов орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Жолдошалы кызы Нурзат жеңип, облустук сынакка жолдомо алды. Ал эми 1-орунга 2 мугалим татыды. Алар — Т.Мойдунов атындагы мектебинин тарых мугалими Фарида Сулайманова жана М.Абдыжапаров мектебинин башталгыч класстарынын мугалим Мээрим Бозжигитова. 2-орунду А.Абдраимов атындагы мектебинин сүрөт мугалими Нарынбек Кедеев ээледи. 3-орунду М.Жаңыбаева мектебинин мугалими Гүлзинат Жумалиева ээледи.

Жеңүүчүлөргө акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×