Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Жалал-Абад

Ноокенде депутаттар, мэрия, айыл өкмөт кызматкерлери спорттук мелдешке түштү

Turmush -  Ноокен районунда жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Спорттун волейбол жана футбол түрү боюнча өткөн мелдешке Ноокен районунун аймагындагы айыл өкмөттөр, Кочкор-Ата шаардык мэриясынын кызматкерлери жана айылдык, шаардык кеңештердин депутаттары катышты.

Жыйынтыгында футбол боюнча мелдеште 1-орунду «Достук», 2-орунду «Шайдан», 3-орунду «Сакалды», 4-орун «Бүргөндү», 5-орунду «Ноокен» командалары ээледи. Ал эми волейбол боюнча 1-орунду «Ноокен», 2-орунду «Достук»», 3-орунду «Бүргөндү», 4-орунду «Шайдан», 5-орунду «Сакалды» командалары ээледи.

Жеңген командаларга кубоктор тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 828
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×