Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Жалал-Абад

Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Милиционер катышкан жол кырсыктан катуу жабыркаган М.Ажыбаеванын учурдагы абалы (фото)

Turmush -  Аксы районунда милиция кызматкеринин катышуусунда орун алган жол кырсыктан улам жабыркаган Мукадас Ажыбаева учурда төшөктө жатат. Аны менен аймактык кабарчы баарлашты.

12 жылдан бери балдарга орус тили жана адабиятынан сабак берип, мугалимдик кесипти аркалап келе жаткан Мукадас Ажыбаева каргашалуу окуя орун алгандан бери төшөктөн тура элек. Ал үстүбүздөгү жылдын 10-февралында райондо мугалимдер арасында өткөн спорттук иш-чарадан бирге иштеген кесиптештери менен келе жатканда, милиция кызматкеринин башкаруусундагы автоунаа сүзгөн.

М.Ажыбаеванын унаанын катуу ылдамдыкта келе жатканы гана эсинде калган. Унаа кандай абалда келип сүзгөндүгүн, ал жерде орун алган окуялар эсинде жок. Анткени ал эсин жоготкон абалда райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. 10-февралдан 15-мартка чейин ооруканада дарыланды. Деген менен акыреги, буту сынып, баш мээси чайкалгандыктан дале төшөктөн тура элек.

«Бир бутум сынса, экинчи бутума кан уюп калыптыр. Башым да катуу жабыркагандыктан ар үч айда дарыланууга туура келет экен. Негедир ызы-чууну таптакыр сүйбөй калдым. Телефон менен да көп сүйлөшүүгө болбойт. Өз алдымча туруп, жок дегенде үй жумуштарын жасайын дейм, оору жол бербей жатат. Балдарым, жолдошум карап жатышат. Жолдошум жумушуна чыккан күнү кызым «апамды карайм» деп окуудан калып калууда. Дары-дармек үчүн бир топ эле акча сарпталып жатат. Кеткен каражатты жолдошум мага айткысы келбейт. Батыраак бутума туруп кетейин деп кудайдан тилеп жатам. Жаңы окуу жылында деле кайрадан жумушка чыга албайт окшойм», - деди Мукадас Ажыбаева.

Ал эми жолдошу Азиз Ажыбаевдин айтымында, жубайы толук кандуу өзүнө келе элек. Кырсыкка кабылып, 1,5 айдан бери төшөктө жатса да райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги анын ал абалын сурап койгон эмес. Облустук ооруканадагылар аны райондогу дарыгерлер көзөмөлгө алаарын айтышкан. Бирок алар айтканда болбой жатат.

«Оң буту, сол жак акыреги сынык, сол бутуна кан уюп калган. Оң жак далысынан жарака кеткен. Башынан операция болуп, баш сөөгүн алган, эми алты айдан кийин кайрадан операция болот. Май айында акыреги менен сынган бутуна операция жасалат. Сыналгы көрүүгө, телефон кармоого болбойт. Дарыгерлер айткан дары-дармектерди үзгүлтүксүз берип жатабыз. Маянага жашагандыктан кыйынчылык жаралып жатат, башкысы сакайып кетсе эле болду. Дармектерине акча керек болгондуктан автоунаамды сатайын деп бирок сата албадым. Биздин нааразычылыгыбыз да бар. Жубайымды ооруканадан чыгарып келгениме 1,5 ай болду, райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы кабар алып, ал абалын сураганга жараган жок. Мекемени жетектеген Угулай айым: «өзүмдүн маселем чачтан көп» деп орой сүйлөп, кайым айтышууга чейин бардык. Жабыр тарткандар үчүн атайын эсеп ачылып, кесиптештери которгон акчаны берип жатат, ал үчүн рахмат. Бирок ал каражатты да сурап, жаман көрүнүп жатабыз. Облустук ооруканадан чыгаарда райондогу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу көзөмөлгө алышаарын, өздөрү барып кабар алып турушаарын айтышкан. Деген менен райондогу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан кабар алып, карабай жатышат. Качан гана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгерине кайрылганымда дарыгерлер эки жолу келип карап кетишти. Өткөндө ооруканага алып бардык, гипсин өзүм чечтим. Окуя өтүп кеткенден кийин кайдыгерлик мамиле жасалып жатат. Ооруп калган адам кесиптешинин жакшы сөзүн күтөт экен. Ооруканага алып келебиз деп ары-берип көтөрүп олтуруп дагы кыйнап алдык. Дарыгерлер кабар алып турса жакшы болоор эле», - дейт Азиз Ажыбаев.

Мугалимдин жакындарынын ырастоолорунда, облустук ооруканада даарылануусуна 166 миң сом жумшалды. Ооруканадан чыккандан бери да дармектер үчүн каражат кетүүдө. Май айында дагы операция болоору күтүлүүдө. Бул үчүн акча зарылдыгы бар. Андыктан тиешелүү бийлик өкүлдөрү мугалимдин дармектерине кетүүчү каражатка көңүл бөлүп, колдоо көрсөтсө деп үмүт артышууда. Бул үй-бүлөнүн эки баласы бар. Тун кызы 10-класста, уулу 8-класста билим алат.

Буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы жол кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, Аксы РИИБдин кызматкери 2 айга камакка алынгандыгын маалымдаган.

Ошондой эле, кырсыкка кабылган милиция кызматкери унаасын башкара албай калганын, кырсыктан кийин жабырлануучуларды ооруканага жеткиргендиги айтылган.

Ушул жылдын 10-февралында саат 18:00 чамасында болгон жол кырсыктан улам 2 адам каза болуп, дагы экөө жаракат алгандыгы маалымдалган.

Turmush басылмасы тактаган маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 1988-жылы туулган Кундуз менен Гүлям каза болгон. Жабырлануучулар— 1988-жылы туулган Т.Г. менен 1983-жылы туулган М.А. дарыгерлердин кароосунда.

ОИИБ алгачкы текшерүү иштеринде айдоочу — Аксы РИИБдеги кенже сержант алкоголдук ичимдик ичпегени аныкталганын билдирген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кербен шаарындагы Мамай атындагы мектептин мугалимдери спорттук иш-чарадан кайтып келе жатышкан. «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү жеке унаасы менен катуу ылдамдыкта бара жаткан милиционер Ниязалы менен Шатманов көчөсүнүн кесилишине жеткенде жолдун тайгалактыгынан башкарууну жоготкон. Айрым маалыматтар боюнча, алдындагы унаадан качууга аракет кылган. Унаа жолдун четиндеги тосмого урунуп, андан кийин жөө бара жаткан мугалимдерди сүзгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

12.02.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: РИИБдин кызматкери 2 айга камалды
12.02.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: 30 жаштагы Гүлазим жерге берилди, мугалимдердин бири оор абалда (фото, видео)
13.02.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Жол кырсыктан жараат алган Г.Таштанова окуя тууралуу айтып берди
19.02.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Оор абалдагы мугалимдин абалы турукташа баштады
01.03.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Оор абалдагы мугалим облустук ооруканага которулду
18.04.2018Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Милиционер катышкан жол кырсык боюнча иш сотко өттү
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4288
Көп окулду
×