Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 18.04.2018 17:21

Токтогул шаарындагы карылар үйү мончого муктаж

Turmush -  Токтогул шаарында жайгашкан карылар үйү мончого муктаж. Бул тууралуу Кара-Көл шаарынын «Мүрөк-к» кайрымдуулук фондунун ыктыярчысы Мелис Чилетиров билдирди.

Анын айтуусунда, алар 24-мартта Токтогулдагы карылар үйүнө барып, кийим-кече берип келишкен.

«Аталган мекемеде артында туягы, багар-көрөрү, тууган-уругу жок 30 карыя жашайт экен. Алардын жашоо шарттары жакшы, бирок мончого аябай муктаж экен. Жуунучу бөлмөсү бар, бирок кичине, ыңгайсыз экен. Биз Кара-Көлдүн кайрымдуу тургундарынын жардамы менен чогулган кийим-кечелерди тапшырып, апа-аталар менен барлашып, ал абалдарын сурап кайттык», - деди ал.

Ал белгилегендей, «Мүрөк-к» кайрымдуулук фондунун 7 ыктыярчы кызы жалгыз бой адамдарга жумасына бир ирет барып, үй жумуштарын жасап беришүүдө. Аталган фонддун ыктыярчылары тарабынан Токтогул районунун Өзгөрүш айылынын жардамга муктаж 20 үй-бүлөсүнө кайрымдуу адамдардан чогулган кийим-кечелерди таратышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×