Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Жалал-Абад

Тогуз-Тородогу башаламандык: Сот үч аялды бошотуп, 12 адамды 2 айга камады (фото)

Turmush -  Тогуз-Торо районундагы башаламандык боюнча 12 адам 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди кечээ, 17-апрелде Бишкек шаарындагы Биринчимай райондук соту чыгарды.

Маалым болгондой, Тогуз-Торо районундагы башаламандыкка катыштыгы бар деген шек менен кармалган 15 жарандын ичинен 3 аял эч жакка кетпөө колкаты менен бошотулуп, 12 адам СИЗО-1 жайына 2 айга камакка алынды.

Буга чейин ИИМдин Тергөө кызматы Тогуз-Торо районунда баш аламандык уюштурууга шектүү деп 15 тургунду кармагандыгы маалымдалган.

Маалым болгондой, 11-апрелде Тогуз-Торо районундагы алтынды кайра иштетүүчү «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын кайра иштөөсүнө каршы болуп, митингге чыккан элге 30 адамдан түзүлгөн ведомство аралык комиссия түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн барган. Жолугушууга 1000ге жакын жергиликтүү тургун чогулган. Бирок түшүндүрүү иштери башталганга чейин чогулгандар комиссия жана коомдук тартипти камсыздаган милиция кызматкерлери тарапка таш ыргыткан. Чогулгандардын басымдуу бөлүгүн жаш жигиттер түзгөн. Алар алтынды кайра иштетүүчү ишкананын аймагына кирип, тосмону бузуп баштаган. Ошондой эле курулуп жаткан курулуштарды, үйлөрдү жана техниканы өрттөп жиберишкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 234-берене (бейбаштык), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) жана 233-берененин (массалык тартипсиздиктер) негизинде кылмыш иш козголгон.

Учурда милиция кызматкерлери коомдук тартипти толугу менен камсыздап, жергиликтүү органдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, териштирүү иштери улантылууда.

Окуя тууралуу:

11-апрелде жергиликтүү тургундар «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын иштешине нааразы болуп, анын имаратарын өрттөп салышкан.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаевдин айтымында, жумушчу топ эл менен жолугуп, элге түшүндүрүү ишин жүргүзмөк. Бирок район эли барган жумушчу топтун пикирине көңүл бөлбөстөн, аларга таш ыргытышкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

11.04.2018Видео, фото — Тогуз-Тородо митингге чыккан эл алтынды кайра иштетүүчү ишкананын имаратын өрттөп салышты
12.04.2018Сапар Исаков Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовду кызматынан бошотту
12.04.2018Тогуз-Тородогу митингде эмнелер өрттөлдү?
12.04.2018Тогуз-Тородогу митингден 7 жаран жараат алып, төртөө ооруканага жаткырылган
12.04.2018Тогуз-Тородогу митингде имаратты өрттөгөн адамдар аныкталды, - Жалал-Абад ОИИБ
13.04.2018С.Исаков Тогуз-Тородогу митинг боюнча: Ал жерде саясатчылардын катыштыгы бар
17.04.2018Тогуз-Тородогу баш аламандыкты уюштурууга шектелип 15 адам кармалды, - ИИМ
17.04.2018Фото — Тогуз-Торонун тургундары Ак үйдүн алдына митингге чыгышты
17.04.2018Тогуз-Тородо тургундар кайрадан митингге чыгышты
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 590
×