Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 13.04.2018 17:26

Сузакта үй-бүлө мүчөлөрү бараткан унаа дарыяга кулап, 3 адам каза болду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 13 апрелде саат 14:30 чамасында Сузак районуна караштуу Достук айылында жеңил унаа сууга кулап, 3 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Фольксваген Гольф 3» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу (мамлекеттик номуру B85-48A) рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен унаа Кара-Дарыя суусуна кулаган.

Жол кырсыктын кесепетинен 3 адам көз жумду. Алар — 1947-жылы туулган Н.А. (эркек киши) жана 1995-жылы туулган А.А. (кыз). Ошондой эле 2017-жылы туулган Т.Б. (наристе) ооруканада каза болду. Ал эми жабыркагандар — 1989-жылы туулган Н.К. (эркек киши) менен 1992-жылы туулган Т.Н. (аял киши) оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жол кырсыкка кабылгандар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин Жалал-Абад шаардык №58 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жөнөтүлгөн.

Жергиликтүүлөрдүн ырастоолорунда, кырсыктан улам 71 жаштагы кайната, анын 21 жаштагы келини, 2 жашар уулу дүйнө салды. Ал эми жаш түгөйлөр ооруканада жандандыруу бөлүмүнө түштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×