Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 13.04.2018 10:38

Аксынын тургунун өзбек чек арачысы атып өлтүрдү: Маркумдун эжеси окуя тууралуу айтып берди

Turmush -  Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын Аксы районундагы аймагында ок тийип каза болгон 34 жаштагы Фархад Абдыкалыковдун артында 4 баласы калды.

Маркум Фархад Абдыкалыковдун бир тууган эжеси Динара Ражабаева окуя катталган күнү алар коңшу Өзбекстанга туугандарынын үйүнө тойго бара жатышкандыгын, бирок чек арадан өткөн эместигин билдирди.

«7-апрель күнү саат 05:30да туруп, уйларды саап бүтүп эле, жолго чыктык. Ошол күнү Өзбекстандагы эжем уулун үйлөнтүп жаткан, анан ал жакка Мамай айылы аркылуу өтүүнү пландап жатканбыз. Инимдин унаасы менен Мамайга саат 07:30да бардык, ошол жерде туугандарыбыз болгондуктан биз чек арачылар келгенче түйүндөрүбүздү көтөрүп, алардын үйүнө кирип отуруп турганбыз. Иним болсо, унааны жабыгыраак жерге коюп келейин деп кеткен. Ошол бойдон жок болуп кетти, кийин эле тиги туугандарыбыз кыйкырып эле ыйлап калды, биз шашып көчөгө чыксак, Фархадды бир машинага салып, ооруканага алып кетип жатыптыр, биз да алардын арты менен ооруканага жөнөдүк. Жарым жолдо иним кайтыш болуп калды деген кабар келди», - дейт Динара Ражабаева.

Ал Акыйкатчы институтунун облустагы өкүлчүлүгү туура эмес маалымат тараткандыгын кошумчалады.

«Фархаддын сөөгүн үйгө алып келип, үйдө ызы-чуу болуп жатканбыз. Ошол учурда үйгө бир кыз келип, апамдан окуянын чоо-жайын сурап, суроо берип баштады. Апам кыйкырык-өкүрүктүн арасында «Фархадды атып койгон учурда биз ылдыйдан чуркап келдик» деп жооп бериптир. Тиги келген кыз болсо, ылдыйдан дегенди түшүнбөгөн окшойт, Өзбекстандын өтүп келдик деп түшүнүп алыптыр. Туугандарыбыздын үйү Фархадды атып койгон жерден бир аз ылдыйда болчу, биз ошол жактан чуркап келдик. Азыр эми эч кимге деле арызданып жаткан жокпуз, биз арызданган менен иним кайра тирилип келбейт да. Бир чети бизде дагы айып бар, такталбаган жерге барбашыбыз керек болчу. Раматылык инимдин артында 4 баласы, аялы жана ата-энем зыркырап ыйлап кала берди», - дейт маркумдун бир тууганы Д. Ражабаева.

Буга чейин ушул жылдын 7-апрелинде Аксынын Мамай айылында ошол эле райондун Курулуш айылынын 34 жаштагы тургуну өзбек чек арачысынын ок атуусунан улам каза болгондугу маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×