Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 12.04.2018 18:30

Тогуз-Тородогу митингде имаратты өрттөгөн адамдар аныкталды, - Жалал-Абад ОИИБ

Turmush -  Тогуз-Торо районундагы митингде «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын имаратын өрттөө фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Акылбек Мамасейитов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, митингде тартип сакчыларынын 80%на таш тийген. Учурда 2 кызматкер ооруканада жатат.

«Биз буга чейин түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенбиз. Бул маселе боюнча коомдук угуулар жүргүзүлө тургандыгы айтылып келген. Айыл башчылар да коомдук угууларга жардам беришерин, ар бир айылдан ондон жаран чыга турганын айтышкан. Тилекке каршы кечээ, 11-апрелде жергиликтүү тургундар жумушчу топту укпастан, дароо аларга таш ыргытып, күтүүсүздөн башаламандык башталып кетти. Биз элдин коопсуздугун сактоого аракет кылдык. Учурда имаратты өрттөө фактысы боюнча КРнын Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси («Ээнбаштык») жана 174-беренеси боюнча («Бирөөнүн мүлкүнө атайылап залал келтирүү») кылмыш иши козголду. Башаламандыкка активдүү катышкан жалпы 40-50гө жакын адам аныкталды, бул боюнча видео жана фото фактылар бар», - деди А.Мамасейитов.

Ошондой эле, ал облустун аймагында жыл башынан бери ар кандай 16 нааразычылык акциясы болгондугун айтып: «3 айдын ичинде 748 кылмыш катталса, 533 кылмыш иши козголгон жана 896 кылмыш иши тергелген», - деп кошумчалады.

Буга чейин маалымдалгандай, жергиликтүүлөр кечээ, 11-апрелде «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын иштешине нааразы болуп, анын имаратарын өрттөп салышкан.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаевдин айтымында, жумушчу топ эл менен жолугуп, элге түшүндүрүү ишин жүргүзмөк. Бирок район эли барган жумушчу топтун пикирине көңүл бөлбөстөн, аларга таш ыргытышкан.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

11.04.2018Видео, фото — Тогуз-Тородо митингге чыккан эл алтынды кайра иштетүүчү ишкананын имаратын өрттөп салышты
11.04.2018Тогуз-Тородо митингге чыккандар өрт өчүрүүгө барган унааны ишканага киргизбей коюшту
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг боюнча милиция түшүндүрмө берди
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: С.Исаков ишкананы өрттөө фактысын иликтөөнү ИИМге тапшырды
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: Бүгүн С.Исаков райондун акимин кызматынан бошотот
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: Имаратты өрттөгөн тургундар тарап кетишти
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: Алтынды кайра иштетүүчү ишкананын имаратын өрттөгөн тургундардын талаптары
12.04.2018Сапар Исаков Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовду кызматынан бошотту
12.04.2018Тогуз-Тородогу митингде эмнелер өрттөлдү?
12.04.2018Тогуз-Тородогу митингден 7 жаран жараат алып, төртөө ооруканага жаткырылган
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×