Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Жалал-Абад

Жалал-Абадда «Элдер достугу—2018» фестивалында манты жасалып, конокторго тартууланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 12-апрелде Жалал-Абад шаарында ар улуттун ортосундагы достукту даңазалоого багытталган «Элдер достугу—2018» фестивалы болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Фестивалга жалпы алты улуттун өкүлдөрү катышып, өзүлөрүнүн улуттук тамак-ашын, маданиятын көрсөтүштү.

«Фестивалда ар улуттун өкүлдөрү өзүлөрүнүн маданиятын, улуттук кийимдерин, оюндарын жада калса улуттук тамак-аштарынын көргөзмөлөрүн келген конокторго тартуулады. Иш-чаранын негизги максаты улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, ар улуттун элдеринин достугун бекемдөө болуп саналат. Мындай иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүп келет. Алдыда шаардагы түрк элдеринин майрамын жана татар элдеринин «Сабантой» майрамын өткөрүүнү пландап жатабыз», - дейт Жалал-Абад шаардык мэриясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Малика Мустапакулова.

Уйгур улутундагы элдердин атынан фестивалга катышкан Рабия Сангилова иш-чара мыкты уюшулганын белгилейт.

«Бүгүнкү иш-чара мыкты деңгээлде болуп жатат. Ар улуттун өкүлдөрү өзүлөрүнө эмне тиешелүү болсо ошонун баары көрсөтүлүп, мындан сырткары улуттук оюн-зооктор өткөрүлдү. Биз бүгүн башка элдерден айырмаланып, улуттук тамактарыбыздын бири болгон мантыны ошол жерден жасап, келген коноктордун баарысына даам сыздырдык. Улуттар аралык достук мындан ары да бекемделе берсин», - дейт Р.Сангилова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 576
Көп окулду
×