Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 12.04.2018 14:12

Тогуз-Тородогу митингден 7 жаран жараат алып, төртөө ооруканага жаткырылган

Turmush -  Тогуз-Торо районунда коомдук абал тынч. Мындай пикирди Тогуз-Торо районунун акиминин биринчи орун басары Айбек Кожошов билдирди.

Анын айтымында, райондогу абалдан улам кечээ райондо координациялык кеңешме өткөрүлдү. Бүгүн эртең менен жарандык коргонуунун комиссиясына кирген кызматтардын жетекчилерине жыйын болду.

«Райондогу туруктуулукту сактоо, чагымчыл аракеттерге жол бербөө маселелери талкууланды. Ошондой эле, нааразы болгон элдин өрт коюусунан улам өрттөнгөн объектиге келтирилген чыгымды аныктоо талкууланды. Учурда жарандык коргонуунун комиссиясы келтирилген чыгымды эсептөөдө», - деп билдирет ал.

Райондук мамлекеттик администрациянын маалымдоосунда, кечээги окуяда 7 жаран денелеринен түрдүү жеңил жаракаттарды алышкан. Анын үчөөсү биринчи медициналык жардам алса, төртөөсү ооруканага жаткырылган. Бүгүн жаткырылгандардын бир милиция кызматкери гана калды, калган үчөөсү үйлөрүнө чыгып кетишти.

«Жараат алган жарандардан Айбек Кожошов кабар алды. Бүгүн да ооруканага барды, жарат алган милиция кызматкеринин ал абалын сурап кайтты», - деп маалымдашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

11.04.2018Видео, фото — Тогуз-Тородо митингге чыккан эл алтынды кайра иштетүүчү ишкананын имаратын өрттөп салышты
11.04.2018Тогуз-Тородо митингге чыккандар өрт өчүрүүгө барган унааны ишканага киргизбей коюшту
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг боюнча милиция түшүндүрмө берди
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: 3 милиция кызматкери жана 1 тургун ооруканага кайрылды
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: С.Исаков ишкананы өрттөө фактысын иликтөөнү ИИМге тапшырды
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: Бүгүн С.Исаков райондун акимин кызматынан бошотот
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: Имаратты өрттөгөн тургундар тарап кетишти
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: Алтынды кайра иштетүүчү ишкананын имаратын өрттөгөн тургундардын талаптары
12.04.2018Сапар Исаков Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовду кызматынан бошотту
12.04.2018Тогуз-Тородогу митингде эмнелер өрттөлдү?
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×