Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.04.2018 11:12

Депутат: Жалал-Абад ОИИБдин башчысын кызматтан бошотуу маселесин кароо керек

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина (КСДП) Жалал-Абад облусунун ИИБдин башчысын кызматынан бошотуу маселесин кароо керек эсептейт.

Депутат бүгүн, 12-апрелде парламенттин жыйынында билдиргендей, премьер-министр Сапар Исаков 11-апрелде Тогуз-Торо районунун акимин кызматынан бошотту.

«Жалал-Абад ОИИБдин башчысы окуя тууралуу билген эмес, акциянын алдын ала алган жок жана ИИМдин башчысын бул боюнча кабардар кылган жок», - деди ал.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев кесиптешин колдоого алды.

«Эл күнөөлүү эмес. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы Рыскулов жана эки тарапты багыттап жаткандар күнөөлүү. Бул маселени кароо керек. Тапшырма берип карап чыгуу керек», - деди ал.

Ошондой эле ал: «Мен Ак-Талаада жүргөндө элге арак берип, компанияларга каршы багыттагандарды өз көзүм менен көргөм», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×