Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 12.04.2018 10:43

Тогуз-Тородогу митингде эмнелер өрттөлдү?

Turmush -  Тогуз-Торо районунда 11-апрелде митинг учурунда «Джи Эл Макмал Девелопинг» мекемесине таандык бир нече унаалар жана имарат өрттөнгөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, митинг учурунда 2 «КамАЗ», 2 экскаватор, 1 «ЗИЛ» үлгүсүндөгү автокран, 2 даана контейнер, 1 даана административдик имарат, 5 даана ондүрүштүк имараттары жергиликтүү эл тарабынан өрттөлгөн.

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан маалымдашкандай, бүгүн, 12-апрелде райондук жарандык коргонуу комиссиясы өрттөн келтирилген чыгымдарды тактоо үчүн алгачкы отрум өткөрүштү. Учурда келтирилген чыгымды эсептөө боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Кечээ, 11-апрелде Тогуз-Торо районунун тургундары «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын кайрадан иштешине каршы болуп, митингге чыгышкан. Чогулгандар ишкананын имаратын өрттөп салышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

11.04.2018Видео, фото — Тогуз-Тородо митингге чыккан эл алтынды кайра иштетүүчү ишкананын имаратын өрттөп салышты
11.04.2018Тогуз-Тородо митингге чыккандар өрт өчүрүүгө барган унааны ишканага киргизбей коюшту
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг боюнча милиция түшүндүрмө берди
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: 3 милиция кызматкери жана 1 тургун ооруканага кайрылды
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: С.Исаков ишкананы өрттөө фактысын иликтөөнү ИИМге тапшырды
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: Бүгүн С.Исаков райондун акимин кызматынан бошотот
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: Имаратты өрттөгөн тургундар тарап кетишти
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: Алтынды кайра иштетүүчү ишкананын имаратын өрттөгөн тургундардын талаптары
12.04.2018Сапар Исаков Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовду кызматынан бошотту
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×