Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Жалал-Абад

Тогуз-Тородогу митинг: Алтынды кайра иштетүүчү ишкананын имаратын өрттөгөн тургундардын талаптары

Turmush -  Бүгүн, 11-апрелде Тогуз-Торо районунда митингге чыккан тургундар бир нече талаптарды коюшту. Алар «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын ишин токтотуу жана «Макмалалтын» комбинатынын алтын ылгоодон кийин калдыкты рекультивациялоо маселесин эртелетүүнү талап кылышкан.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаевдин айтымында, бүгүн жумушчу топ эл менен жолугуп, элге түшүндүрүү ишин жүргүзмөк. Бирок район эли барган жумушчу топтун пикирине көңүл бөлбөстөн, аларга таш ыргытышкан.

«КРнын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан түзүлгөн комиссия мүчөлөрү районго барганбыз. Биз эл менен жолугушуп, курулуп жаткан комбинатты жеринен текшерүү ишин жүргүзүп жатканыбызды, жыйынтыгын жеткирээрибизди айтып баштаганбыз. Бирок эл жумушчу топтун пикирин укпастан бизге таш ыргытып киришти. Андан кийин комбинатка кирип кетишти. Калкка «Джи Эл Макмал Девелонинг» ишканасынын ишмердүүлүгүнө таптакыр каршылык билдиришти. Андан соң мыйзамсыз аракеттер орун алып кетти. Кийин «Макмалалтын2» комбинатына келишип, алардан хвосторанилищаны эртерээк рекультивациялоо талабын коюшту. Бул комбинаттын жетекчилиги рекултивациялоо жумушу үчүн тендер жарыялангандыгын, бир ай аралыгында жумуш башталаарын айтышып, тарап кетишти», - деп билдирди Ажымамат Исаев.

Маалыматтарга караганда, жаңыдан курулуп жаткан алтын ылгоочу ишкананын ичиндеги автоунаалардын эски дөңгөлөктөрүн, майдын идиштерин өртөшүп, комбинаттын кеңсесине ыргытып жиберишкен.

Буга чейин маалымдалгандай, жергиликтүүлөр «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын иштешине нааразы болуп, анын имаратарын өрттөп салышкан.

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Маматжан Мияновдун маалыматына караганда, митингден улам 3 милиция кызматкери жана 1 тургун ооруканага кайрылган.

«Алардын экөөсү ооруканага жаткырыла турган болууда. Алардын аты-жөндөрү такталууда», - деген ал.

Өздүк булактар Turmush басылмасына билдиргендей, ооруканага төмөнкү адамдар кайрылган:

- Р.Бердалы, 1987-жылы туулган, Каргалык айыл башкармалыгынын жашоочусу, Тогуз-Торо РИИБдин кызматкери. Ал баш мээси чайкалып, бетинен жараат алган;

- Б.Айнагүл, 1966-жылы туулган, Каргалык айылынын жашоочусу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Анын баш мээси чайкалган;

- Т.Роналд, 1984-жылы туулган, Каргалык айыл башкармалыгынын тургуну, Тогуз-Торо РИИБдин кызматкери. Анын баш мээси чайкалып, бетинен жараат алган.

- А.Нарынкүл, 1970-жылы туулган, Тогуз-Торо айыл башкармалыгынын жашоочусу, Тогуз-Торо РИИБдин кызматкери. Анын баш мээси жабыркап, бетинен жараат алган.

Маалым кат:

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКнын жетекчиси болуп Жээналиев Максат Субанбекович эсептелинет. Негиздөөчү катары «КУРАНДЫ ДЕВЕЛОПИНГ» жана Ян Вэйхун жоопкерчилиги чектелген коомдору эсептелет. ЖЧК негизинен кымбат баалуу металлдарды өндүрүү менен алектенет. Компания 2017-жылдын 13-июлунда кайра каттоодон өткөн.

М.Жээналиев буга чейин «Кыргызалтын» ААКтын тышкы экономикалык байланыш жана инвестициялар боюнча вице-президенти болуп иштеген.

Тема боюнча:

11.04.2018Видео, фото — Тогуз-Тородо митингге чыккан эл алтынды кайра иштетүүчү ишкананын имаратын өрттөп салышты
11.04.2018Тогуз-Тородо митингге чыккандар өрт өчүрүүгө барган унааны ишканага киргизбей коюшту
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг боюнча милиция түшүндүрмө берди
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: 3 милиция кызматкери жана 1 тургун ооруканага кайрылды
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: С.Исаков ишкананы өрттөө фактысын иликтөөнү ИИМге тапшырды
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: Бүгүн С.Исаков райондун акимин кызматынан бошотот
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: Имаратты өрттөгөн тургундар тарап кетишти
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1055
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 20 адам окуп жатат)
×