Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Жалал-Абад

Тогуз-Тородогу митинг: Имаратты өрттөгөн тургундар тарап кетишти

Turmush -  Тогуз-Торо районунда бүгүн, 11-апрелде митингге чыккан тургундар тарап кетишти.

Жергиликтүү тургундар билдиргендей, алтын казуучу «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын имаратын өрттөгөн тургундар менен райондун акими Тилек Идирисов жолугушту. Аким комбинат ишин токтоткондугун жана иштебей турганын айткандан кийин тургундар өз талаптарын коюшту.

Анда тургундар эски комбинаттын дамбасын жабууну талап кылышып, эски дамбада кен казылгандан кийин чыккан калдыктар сакталып, ал жер элге зыян келтирип жатканын айтышты. Чогулган эл менен «Кыргызалтын» ишканасынын өкүлү жолугуп, эски дамбаны жабууга тендер жарыяланганын, тендер өткөн соң дамба жабыларын билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай, жергиликтүү тургундар «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын иштешине нааразы болуп, анын имаратарын өрттөп салышкан. Аким Тилек Идирисов бош эмес экендигин айтып, митинг боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

Өкмөттөн маалымдашкандай, премьер-министр Сапар Исаков Тогуз-Торо районундагы алтын өндүрүүчү фабриканы өрттөө фактысы боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү ИИМге тапшырды.

Өкмөт башчы бул сыяктуу жеке менчиккке кол салуу аракеттерине жол берилбеши керектигин белгилеп, аталган факты боюнча жоопкер бардык жактарга мыйзамга ылайык чаралар кабыл алынышы керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине алтын өндүрүүчү фабриканын курулушуна долбоордук-сметалык документтердин жана тийиштүү уруксаат берүүчү документтердин болушуна карата тыкыр текшерүү өткөрүүсү тапшырылды.

Маалым кат:

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКнын жетекчиси болуп Жээналиев Максат Субанбекович эсептелинет. Негиздөөчү катары «КУРАНДЫ ДЕВЕЛОПИНГ» жана Ян Вэйхун жоопкерчилиги чектелген коомдору эсептелет. ЖЧК негизинен кымбат баалуу металлдарды өндүрүү менен алектенет. Компания 2017-жылдын 13-июлунда кайра каттоодон өткөн.

М.Жээналиев буга чейин «Кыргызалтын» ААКтын тышкы экономикалык байланыш жана инвестициялар боюнча вице-президенти болуп иштеген.

Тема боюнча:

11.04.2018Видео, фото — Тогуз-Тородо митингге чыккан эл алтынды кайра иштетүүчү ишкананын имаратын өрттөп салышты
11.04.2018Тогуз-Тородо митингге чыккандар өрт өчүрүүгө барган унааны ишканага киргизбей коюшту
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг боюнча милиция түшүндүрмө берди
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: 3 милиция кызматкери жана 1 тургун ооруканага кайрылды
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: С.Исаков ишкананы өрттөө фактысын иликтөөнү ИИМге тапшырды
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: Бүгүн С.Исаков райондун акимин кызматынан бошотот
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 494
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 18 адам окуп жатат)
×