Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Тогуз-Тородогу митинг: Бүгүн С.Исаков райондун акимин кызматынан бошотот

Turmush -  Премьер-министр Сапар Исаков Тогуз-Торо районунун акимин кызматынан бошотот. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-апрелде КСДП партиясынын отурумунда билдирди.

Депутат Кожобек Рыспаев премьер-министрден Тогуз-Торо районундагы башаламандык боюнча өз убагында чара көрүүнү суранды.

«Жаңжалга себеп болгон адамдарды табуу керек. ИИМге аларды табуу тапшырылды. Күнөөлүүлөр, анын ичинде райондун акими жоопко тартылышы керек. Бүгүн мен аны кызматынан алам. Мага бандиттер тууралуу маалыматтар түшүп жатат. Алардын аты-жөнүн мага айтышты. Мыйзамдын чегинде териштирүү керек», - деди премьер.

Ошондой эле С.Исаков жергиликтүү тургундарды провокацияга алдырбоого чакырды.

Депутат Азамат Арапбаев К.Рыспаевдин Тогуз-Тородогу абалга байланышуу көтөргөн маселесин колдоду. «Сиз акимди кызматынан алам деп жатасыз. Бирок ал жакта РИИБ жана ИИБ да бар. Бул окуя укук коргоо органдары иштебегени үчүн болду», - деди ал.

А.Арапбаев министр Улан Исраиловго РИИБдин жана ИИБдин жетекчилерин кызматынан бошотуу өтүнүчү менен кайрылды.

Бүгүн, 11-апрелде Тогуз-Торо районунун тургундары «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын кайрадан иштешине каршы болуп, митингге чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, митингге чыккандар ишкананын имаратын өрттөп салышты.

«Нааразычылыкка чогулгандар ишкананын өкүлдөрү элдин талаптарын аткарбаганын айтып, имаратты өрттөп жиберишти. Учурда чогулгандар өздөрүнүн талаптарын айтышууда. Болжол менен митингге 800дөн ашуун эл чыкты», - дешти жергиликтүүлөр.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг боюнча милиция түшүндүрмө берди
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: С.Исаков ишкананы өрттөө фактысын иликтөөнү ИИМге тапшырды
11.04.2018Видео, фото — Тогуз-Тородо митингге чыккан эл алтынды кайра иштетүүчү ишкананын имаратын өрттөп салышты
11.04.2018Тогуз-Тородо митингге чыккандар өрт өчүрүүгө барган унааны ишканага киргизбей коюшту
11.04.2018Тогуз-Тородогу митинг: 3 милиция кызматкери жана 1 тургун ооруканага кайрылды
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1560
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×