Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 11.04.2018 16:24

Тогуз-Тородогу митинг: С.Исаков ишкананы өрттөө фактысын иликтөөнү ИИМге тапшырды

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Тогуз-Торо районундагы митинг боюнча айтып жатып: «Казарманда эмне болуп жатканын уктуңарбы? 2 камаз, миксер, жүктөгүчтү өрттөп жиберишиптир», - деп билдирди.

Ал премьер-министрге кайрылып жатып: «Элдер менин кызыкчылыгым бар экенин айтышат, анткени мен ал жердин курулушуна капсула салгам. Эгерде ушундай улана берсе, анда бизге бир дагы инвестор келбейт», - деди депутат.

Өз кезегинде Сапар Исаков бул маселе боюнча тиешелүү чаралар көрүлүшү керектигин белгилеп: «Мен ички иштер министрине тапшырма берем, ал тиешелүү чараларды көрөт», - деди.

Ал февраль айында бул компаниянын ишмердүүлүгү Мамэкотехинспекциясы тарабынан токтотулгандыгын эскертти.

Кийинчерээк, өкмөттөн маалымдашкандай, Сапар Исаков Ички иштер министрлигине Тогуз-Торо районундагы «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын имаратынын өрттөлүшү боюнча кылдаттык текшерүү жүргүзүүнү тапшырды.

С.Исаков мындай иштерге жол берилбеши керектигин белгилеп, аталган факт боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлүшү ккеректигин белгиледи.

Мындан тышкары, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине алтын өндүрүүчү фабриканын курулушуна долбоордук-сметалык документтердин жана тийиштүү уруксаат берүүчү документтердин болушуна карата тыкыр текшерүү өткөрүүсү тапшырылды.

Буга чейин маалымдалгандай, бүгүн, 11-апрелде Тогуз-Торо районунун тургундары «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын кайрадан иштешине каршы болуп, митингге чыгыштып, ишкананын имаратын өрттөп салышкан.

«Нааразычылыкка чогулгандар ишкананын өкүлдөрү элдин талаптарын аткарбаганын айтып, имаратты өрттөп жиберишти. Учурда чогулгандар өздөрүнүн талаптарын айтышууда. Болжол менен митингге 800дөн ашуун эл чыкты», - дешти жергиликтүүлөр.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
Сервера временно не доступны

По техническим причинам все серверы АКИpress сейчас заняты и не могут ответить на Ваш запрос. Приносим свои извинения за доставленные неудобства.

Попробуйте зайти позднее.

Администрация сайта АКИpress



All AKIpress servers are currently busy and cannot respond to your request due to technical difficulties. We apologize for any inconvenience.

Please, try again later.


Техникалык себептерге байланыштуу АКИpress'тин бардык серверлери бош эмес жана Сиздин чакырыкка жооп бере албайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

Бир аздан кийин кайталап көрүңүз.