Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Жалал-Абад

Видео, фото — Тогуз-Тородо митингге чыккан эл алтынды кайра иштетүүчү ишкананын имаратын өрттөп салышты

Turmush -  Бүгүн, 11-апрелде Тогуз-Торо районунун тургундары «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын кайрадан иштешине каршы болуп, митингге чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, митингге чыккандар ишкананын имаратын өрттөп салышты.

«Нааразычылыкка чогулгандар ишкананын өкүлдөрү элдин талаптарын аткарбаганын айтып, имаратты өрттөп жиберишти. Учурда чогулгандар өздөрүнүн талаптарын айтышууда. Болжол менен митингге 800дөн ашуун эл чыкты», - дешти жергиликтүүлөр.

Буга чейин заводдун иштөөсү калкка зыянын тийгизет деп нааразы болгон тургундар 1-мартта митингге чыгып, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө мөөнөт берип тарап кетишкен болчу.

Жаңыдан курулуп жаткан заводду июнь айында ишке киргизүү пландалып жатат. Алтынды ылгап алуучу завод айына 165 кг алтынды ылгоо мүмкүнчүлүгү бар экени айтылууда.

Маалым кат:

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКнын жетекчиси болуп Жээналиев Максат Субанбекович эсептелинет. Негиздөөчү катары «КУРАНДЫ ДЕВЕЛОПИНГ» жана Ян Вэйхун жоопкерчилиги чектелген коомдору эсептелет. ЖЧК негизинен кымбат баалуу металлдарды өндүрүү менен алектенет. Компания 2017-жылдын 13-июлунда кайра каттоодон өткөн.

М.Жээналиев буга чейин «Кыргызалтын» ААКтын тышкы экономикалык байланыш жана инвестициялар боюнча вице-президенти болуп иштеген.

Тема боюнча:

01.02.2018Тогуз-Тородо алтынды кайра иштетүүчү заводдун курулушуна нааразы болгон эл митингге чыкты (видео)
07.02.2018Тогуз-Тородо тургундар кайрадан митингге чыгышты (фото, видео)
07.02.2018Тогуз-Тородо митингге чыккан эл тарап кетти
19.02.2018Тогуз-Тородо элдин нааразычылыгынан кийин алтынды кайра иштетүүчү заводдун курулушу токтотулду
01.03.2018Тогуз-Тородо митингге чыккан эл алтынды кайра иштетүүчү ишкананын дарбазасын кулатып салышты (фото)
10.03.2018Тогуз-Тородо алтынды кайра иштетүүчү комбинатты курууга каршы болгон эл менен бийлик өкүлдөрү жолугушту
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6779
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 26 адам окуп жатат)
×