Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.04.2018 12:58

Жалал-Абаддын борбордук базарына өрт чыккан учурда өрт өчүрүүчү унаа кире алабы? (фото, видео)

Turmush -  Кечээ, 10-апрелде Жалал-Абад шаарындагы базарларда өрт коопсуздугун алдын алуу максатында күтүүсүз машыгуу болду, анда борбордук базарга эки тараптан кирген өрт кызматынын унаасы базарга кире албай кыйналды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өрт коопсуздугун болтурбоо багытында өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн буйругунун негизинде шаардагы базарларга күтүүсүз машыгуу болуп өттү. Бул машыгууга ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Абдишарип Бекилов жана шаар бийлигинин өкүлдөрү катышты.

Адегенде жарандык коргонуу комиссиясына кирген кызматтарга базарда өрт орун алганы боюнча маалымат берилип, жарандык коргонуунун ыкчам даярдыгы текшерилди. Ал эми өрт кызматынын эки унаасы борбордук базарга эки багыттан кирди. Анда Мадумар-Ата көчөсү тарабынан кирген өрт кызматынын унаасы соодагерлер белгиленген жолдон ашыкча чыгып кеткендиктен кире албай кыйналды. Ал эми «Шабдалы», «Береке» базарларына да өрт кызматынын унаалары кирди.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ырастоолорунда, базарларда кокустан өрт чыкса суу сакталуучу жайлардын, гидранттардын жоктугу кыйынчылык жаратуусу мүмкүн. Андыктан жергиликтүү бийлик, базарды көзөмөлдөөчүлөр ушул жагдайларды эске алуулары керек.

Ал эми Абдишарип Бекилов машыгуу өрт кырсыгын алдын алууга багытталганын жарандык коргонууга кирген кызматтардын өкүлдөрүнө түшүндүрдү.

«Биз күтүүсүз машыгуу менен жарандык коргонуудагы кызматтардын даярдыгына да маани бердик. Командасы менен келе турган айрым кызматтардын жетекчилиги өзүңөр эле келдиңиздер, кийинкиде эске алат деген ойдомун. Бишкекте базарларда өрт кырсыгынан улам чоң материалдык чыгымдарды алып келди. Биздин негизги максатыбыз чыгымга алып келген кырсыктарды болтурбоо болуп саналат. Тийиштүү тараптар машыгууда кетирилген кемчиликтерди жоюуга аракет жасайт деген ойдобуз», - деди А. Бекилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×