Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Жалал-Абад

Фото — Чаткалда жылдын эң мыкты мугалими аныкталды

Turmush -  Чаткал районунда жылдын эң мыкты мугалими аныкталды. Бул тууралуу райондук администрациянын маалымат бөлүмүнүн өкүлү Мухаммедалы Эшназаров билдирди.

Маалым болгондой, «Жыл мугалими—2018» кароо сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Сынакка Чаткал районундагы мектептерден 16 мугалим келип катышты. Эки күн бою катышуучулар саламдашуу, өзүн-өзү тааныштыруу, интерактивдүү усулда сабак өтүү сыяктуу тапшырмаларды аткарышып, өз өнөрлөрүн көргөзүштү.

Соңунда калыстардын чечими менен баш байгени А.Баймырзаев орто мектебинин мугалими Гүлзина Бекмуратова жеңип алды. 1-орунду Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинин мугалими Гүлнура Темирова ээлесе, 2-орун Т.Жаналиев атындагы орто мектебинин мугалими Айнура Абылгазы кызына ыйгарылды. 3-орунду эки катышуучу — С.Мырзалиев орто мектебинин мугалими Зуура Абдубалиева жана Б.Камчыбеков орто мектебинин мугалими Акылай Чотбаева ээлешти.

Мындан сырткары, 6 катышуучуга ар кандай номинациялар берилип, 5 катышуучуга Алкыш баракчасы тапшырылды.

Чаткал районунда 19 мектеп бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1588
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×